"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Манас шаарында тез жардамдын диспетчердик кызматы иштей баштады

Манас шаарында медициналык тез жардамдын санарип диспетчердик кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы система чакырууларды автоматтык түрдө каттап, аларды тез жардам бригадаларынын ортосунда бөлүштүрөт. Ошондой эле унаалардын кыймылы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнүп, диспетчер бейтапка жакын бригаданы тандап жөнөтө алат.

«Бул система өз убагында жардам көрсөтүүгө, ыкчам чечим кабыл алууга жана айрыкча алыскы аймактарда бейтапка ыкчам жетүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти министрликтен.

Жаңы диспетчердик кызмат Манас шаары менен Сузак районун камтыйт. Ал заманбап компьютердик жана мобилдик жабдуулар, картографиялык жана аналитикалык программалар менен жабдылган.

Учурда диспетчерлер жана фельдшерлер санариптик инструменттерди пайдалануу боюнча окутуудан өтүшүүдө.