2023-жылдын 3-ноябрында “Манас” университети “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында иш-чара өткөрдү.
Эскерүү программасына Бишкектеги элчиликтин кеңешчилигинин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректорлор профессор Мехмет Сезаи Түрк жана доцент Камалбек Карымшаков, ректордун кеңешчилери, профессор Режай Доган, профессор Серхат Бурмаоглу, баш катчы, доцент Октай Өзгүл, Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коомунун төрагасы Атамша Дурсунов, профессордук-окутуучулук курам, административдик кызматкерлер, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Туулардын, репрессия курмандыктарынын сүрөттөрүнүн жана тарыхый аң-сезимге басым жасаган транспаранттардын коштоосунда жөө жүрүш уюштурулуп, 1938-жылдагы репрессиянын курмандыктарын эскерилди. “Ата-Бейит” эстелигине жана Чыңгыз Айтматовдун мемориалына гүлчамбар коюшуп, куран окушту.
Андан соң эки өлкөнүн гимндери аткарылып, ачылыш сөздөрүнө орун берилди.
Өз сөзүндө профессор Анварбек Мокеев “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахманов ыраазычылык билдирип: “Болот агай бул тарыхый окуяны ийне-жибине чейин изилдеп, шейит кеткен ата-бабаларыбыздын сөөгүн таап, аны элге жарыя кылууда опол тоодой эмгек жаратты”,- деди.
Иш-чара “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин директору, тарых илимдеринин доктору Болот Абдырахмановдун “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү” темасындагы ачык сабагы менен уланды.
“Мен үчүн “Ата-Бейит өзгөчө ыйык жер, анткени 1991-жылдан бери “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси менин тагдырыма аябай тыгыз байланды,”-деген , тарых илимдеринин доктору Абдрахманов репрессиянын курмандыктарынын сөөктөрүн казуу иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле “Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүра Кыдыралиева тууралуу сөз кылды жана университеттин жетекчилигине студенттерди курман болгондордун элесине таазим кылуу жана эскерүү максатында “Ата-Бейитке” зыярат уюштурулганына ыраазычылык билдирди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова: “Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, тилин, дилин, маданиятын, мурасын сактап калуу, элинин туусун желбиретүү үчүн кан-жанын аябай берген жолунун күбөсү. Биздин муун үчүн бул жердин тарбиялык мааниси зор”, деген сөзүн айтты.
Теңир-Тоонун этегинде туугандык жана достук көпүрөсү
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Чыңгыз Айтматовго шилтеме берүү менен буларга токтолду: “Маңкурт болсок дүйнө эли болобуз, маңкурт болсок мекенибиз дүйнө болот. Өздүгүбүз жок, маданиятсыз, ыймансыз жаштар болобуз”,- деди.
Ректор Жейлан Теңир-Тоонун этегинде жайгашкан “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги керемет атмосферасынан сөз кылып, студенттерге кайрылып: “Мекен үчүн кан-жанын аябаган кыргыз интеллигенттери кайда?”-суроосуна студенттердин “Бул жерде!”-деген шыктануу менен жооп бергендери “Ата-Бейитте” жаңырды.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан эки өлкөнүн желектерине терең урмат көрсөтүп, таазим этүү менен аземди жыйынтыктаганы эмоциялуу учурларды жашатты. “Ата-Бейиттеги” бул керемет атмосфера тарыхый байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө болду.