5-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Орозо шаңы салттуу ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы менен коштолду.
Орозо айы боюнча биримдиктин жана тилектештиктин мыкты үлгүсүн көрсөткөн “Манас” университетинде миңдеген адамдар ооз ачуу дасторконуна чогулушту. Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун “Республика” көчөсүндө уюштурулган ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгына жамгырлуу аба-ырайына карабастан 3000дөн ашуун адам катышты.
Миң айдан артык Кадыр түнгө дал келген ооз ачуу саамалыгына Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, профессор Медеткан Шеримкулов, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, министрликтердин өкүлдөрү Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглун, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нура Голлиев жана башка элчиликтердин өкүлдөрү, мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, экс-министр Азамат Жаманкулов, Түркия элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Күршат Дулкадир, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, Ахмет Ясави атындагы эл аралык түрк-казак университетинин ректору Жанар Темирбекова, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов жана бир нече сыйлуу коноктор, ишкерлер, профессордук-окутуучук курам, басма сөз өкүлдөрү, студенттер жана жергиликтүү тургундар катышты.
“Манас” университетинин кампусу берекеге толду
Акыркы 3 жылдан бери уюштурулган ооз ачуу кечесине коомдун бардык катмарынан жаш-кары дебей бир дасторконго чогулду. “Манас” университетининде он бир айдын султаны Орозо айынын шаңы менен дуба окулуп, ооз ачылды.
Ооз ачардан кийин КТМУнун көркөм өнөр факультети тарабынан даярдалган “Рамазан диний ырлары” аттуу суфий музыкалык концерти тартууланды.