"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

«Манас» университетинде Ахыска түрктөрүнүн сүргүн курмандыктары эскерилди

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргызстан Ахыска түрк жаштар биримдиги тарабынан ахыска түрктөрүнүн сүргүнгө айдалгандыгынын 81 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү программасы уюштурулду.

Иш-чарага коомдук жана мамлекеттик ишмер, КРнын баатыры Медеткан Шеримкулов, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем, ТКТРдин (Түндүк Кипр Түрк Республикасы) Бишкектеги өкүлү Тахир Осман, «Манас» университетинин биринчи проректору Алмаз Ибраев, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ТИКАнын Бишкектеги координатору Мехмет Бодур, Түрк кызыл айы Борбор Азия делегациясынын төрайымы Севде Нур Сөйлемез, Кыргызстан Ахыска Түрктөрү ассоциациясынын төрага орун басары Бекзада Алиев жана көптөгөн академиктер, окутуучулар, меймандар жана студенттер катышты.

Эскерүү программасы эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери менен башталды. Андан соң Ахысканын тарыхый жерлерин чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Иш-чара журналист Назир Алиевдин Ахыска түрктөрү туурасындагы документалдуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен уланды. Ошондой эле 1944-жылдагы каргашалуу окуя, Ахыска түрктөрүнүн Борбор Азия өлкөлөрүнө көчүрүлгөндөгү күнү, ачарчылык, 1 айга созулган оор мезгил, ошондогу кыргыз журтунун кол сунган меймандостугу сахналаштырылды.

Эскерүү программасынын соңунда көрүүчүлөргө аталган окуя туурасындагы ойлор, маалыматтар берилип, жаркын келечекке болгон үмүт жана жакшы тилектер айтылды.

Эске сала кетсек, 1944-жылдын 14-ноябрында 89 миң Ахыска түрк журту Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу Орто Азия мамлекеттерине жүк ташуучу вагондор менен көчүрүлүп, жолдо катар 17 миңдейи каза болгон. Түрк жана кыргыз элинин эсинде калган бул окуяга быйыл, 2025-жылы 81 жыл болду.

Алтынай Нурдинова