Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) Энелер күнүнө карата иш-чара өткөрүлөт. Иш-чара аталган университеттин ректору профессор, доктор Алпаслан Жейландын колдоосу жана жетекчилиги менен уюштурулат.
«Бейпилдик менен келген Энелер күнү» аталышындагы иш-чаранын негизги максаты карылар менен студенттердин ортосундагы муундар аралык байланыштарды чыңдоо болуп саналат.
Программанын алкагында Бишкектеги “Үмүт” карылар үйүнүн тургундары университетке атайын конок катары чакырылат. Аны менен катар КТМУнун социалдык комплекстеринде уюштурулган кечки сый тамактан соң, көркөм өнөр факультетине караштуу Түрк дүйнөсүнүн оркестри тарабынан карыларга арналган өзгөчө концерттик программа тартууланат.