13-майда “Манас” университетинде лейкоз менен күрөшкөн балдарга колдоо көрсөтүү максатында студенттердин, окутуучулардын жана “Манас” университетинин кызматкерлеринин катышуусунда жарманке уюштурулду.
КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Незахат Жейландын уюштуруусунда өткөрүлгөн жарманкеде кыргыз жана түрк даамдары сатыкка коюлду.
Белгилей кетсек, жарманкеден түшкөн каражат лейкоз менен ооруган балдардын дарылануусуна жумшалат.