"Эркин-Тоо"

Манасчы Рысбай Исаков өлкөгө кайтып келди

Манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 5-октябрда “Манас -2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү.
Аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.
Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталген болчу.
Дүйнөлүк гиннестер китебине катталгандыгы тууралуу расмий маалыматты Бүткүл дүйнөлүк Гиннесттер китебинин Түркия жана Борбор Азия мамлекеттери боюнча өкүлү тастыктап, ага Гиннестин күбөлүгүн тапшырган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!