Эки күн мурун журтубузду өтө кейиткен, жалпы кыргыздын кабыргасын кайыштырган маалымат тарап, Кыргыз улуттук «Манас» театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыкканы коомчулукка желдей тарады. Социалдык түйүндөрдө бири-бирине карама-каршы чыгып, жүрөк сыздаткан пикирлерди айтышууда. Жалпысынан алганда бул өтө кейиштүү нерсе болду.
Алгачкы маалыматты манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы Наргиза Эмилбек кызы таратып, Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, күйөөсүн кесиптештери – манасчылар Рыспай Исаков, Нурбек Калыбек уулу жана театрдын директору Нурбек Талантбеков сабап салганын билдирген. Ага катар социалдык тармактарда Асаналы Калил уулунун окуя тууралуу айткан кыска видеосу тарап, мурдун сындырганын билдирди. Манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы Наргиза Эмилбек кызы жергиликтүү маалымат булактарына ден соолугу тууралуу айтып, “Түндө дене табы көтөрүлүп кыйналып чыкты. Бүгүн таңкы саат 4.18де «тез жардам» чакырдык. Бирок ал келбей, саат 5.10до Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирдик. Ал жер кабыл албай, республикалык ооруканага алып бардык. Ал жерден текшерүүдөн өттү. Башы чайкалыптыр. Жаагында жана мурдунда жарака бар экен. Азыр бети-башы шишик, көк ала. Шишик тарагандан кийин мурдун кайра текшеребиз дешти. Ооруканада орун жок, жаткырганга мүмкүнчүлүк жок деп, уколдоруңарды бейтапканага барып алып тургула деп жөнөтүштү” деген.
Наргизанын билдиришинче, чыр «Жаратман Манасчы» сынагына байланыштуу чыккан. Асаналы Калил уулу ич ара сүйлөшүүлөрдө конкурс калыс өткөн жок деген пикирин билдиргенден улам ур-токмокко алышкан. Экинчи тарап пикирин билдире элек.
Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги атайын комиссия түзгөнү кабарланды. Иликтөө толук бүткөн соң, министрлик коомчулукту жыйынтыктары боюнча кабардар кылат. Комиссияны министрдин орун басары Аскаралы Мадеминов жетектеп жатканы айтылды.
Мерцбахер атындагы экологиялык-коомдук мөңгү фондунун төрагасы Үрүстөм Кабылбеков:
— Бүгүнкү Манастын тегерегинде болуп жаткан чатак бул туура эмес. Мындай болбошу керек. Манас менен тамашалашпаш керек. Манастын тегерегинде ызы-чуу кылсаң бир күнү ушундай нерсени көрсөтүп коёт, эсиңден эч качан кетпей тургандай болот. Мен муну ыдык көрүп калган киши катары айтам. Манас айтып тилим чыгып, 8-класста байгелүү орундарга жеткен киши катары айта алам. Ооба, мен кийин манасчы болбой, жазма акын болуп кеттим. Бирок, манасчыларга мен айта алам, укугум бар. Эгер менде түшүнүгүм жок болсо тартынмакмын, акым да жок болмок. Бир окуя айтайын, Көчмөндөр оюнунда Ала-Тоо айымдары манасчылар үчүн деп бир үй тиккен экен, барсам эч кимиси жок. Кайда булар деп сурасам, “кой сойбосоң кеттик” деп таарынышты дейт. Издеп барсам, Жалал-Абад облусунун тургундары менен отурушуптур. Силерге эмнеге кой союшубуз керек, силерге мамлекет 200 миң берген турбайбы дедим. Манасчылар өзүнчө эле каста болуп кеттиңер го өзүңөрдү ыйык тутуп, төкмөлөр келсе төрдү бер деп дагы жатасыңар, качан аксакалдан жогору отурчу эле. Төкмөсү деле, манасчысы деле жашына карап улагада отурчу, айт дегенде айтып, төк дегенде төкчү да. Мен бала кезде жаттап эле айтып жүргөм, силер деле ошондойсуңар, эгер чыныгы манасчы болсоңор Саякбайдын деңгээлинде айтып бергилечи, кой эмес ушул жерде төө союп берейин дедим. Анын сыңарындай азыркы чатагы 2 миллион сом экен. Бул анча деле көп акча эмес да. Мен Манаска туура эмес мамиле кылып, көп ирет ыдык көргөм. Кыргызда “Кудай урса кечирет, арбак урса кечирбейт” деп коёт. Демек, Манастын арбагы менен тамашалашпаш керек. Ошондуктан, манасчыларга кайрыларым, уруш-талашты токтоткула. Эгер мындай майдалансаңар Манастан алыс жүргүлө, тийишпегиле! Паам-парасатыңар Манас айтуунун деңгээлинде болбосо, өз алдыңча айтып жүрө бер, аялыңа айтасыңбы, балаңа айтасыңбы, элдин алдына чыкпа. Манас биздин сыймыгыбыз, таянган тообуз. Сырттан карагандар эмне дейт, кыргыз жетер жерине жетиптир дебейби. Айтор, Манасты бизнеске айландырып, тамашалашпагыла. Манас айтсаң паам-парасат менен жүр, үлгү бол. Болбосо көчө шыпыр, шоопур, куруучу, жолчу болуп башка иш кыл, Манастан айланба. Манастын тегерегинде чайкоочулук кылганы жарабайт. Эгер муну токтотпосо, балээни баштарына үйөт. Кутулуп кетем дегендер жаңылат.
Журналист Тынчтык Алтымышев:
— Манасчыларыбыздын айланасындагы окуя, анын андан ары алып учкан жүздөгөн кайчылаш пикирлерди карап отуруп, мунун баарынын себеби Түгөлбай Казаков атабыздын: «Тоокканада тоок болуп калыш бат, тоок бүркүттүн эртеңкиси табышмак, улуулугу качып барат канынан, унутулган уламыштай алыстап» деген саптарында катылып турганын туйдум. Кылымдан кылымга өчпөй, унутулбай, жок болуп кетпей, кемип кетпей, Жараткандын гана жазмышы менен миллиондон бир кишинин көкүрөгүнө уюп, көмөкөйүнөн куюлуп, жамы кыргыздын кулагына угулуп, ыйыгындай туюлуп келген Манасты биз тоо бүркүттү тоокканага камагандай бир кичинекей театрга камап, академияга аргамжылап, аны өтө эле ылдый тартып, кол жеткен буюмдай колдонууга өткөрүп, касиетин качырып, улуулугуна шек келтирип алган жокпузбу?! Манасчылыкты жөн салды бир үйрөнүп, өздөштүрүп кете турган кесиптей көрүп, аны «даңазалайбыз», «пропагандалайбыз» деп массалык түрдө жасалма жайылтууга мамлекеттик деңгээлде аракет жасап, окуучуларды «оптом» жаттатып, жаңылып жаткан жокпузбу? Ошондон кийин 10 жаш манасчы чыктыбы суурулуп? Андан да ары «заманбапташтырып» АЙТИчилердин жардамы менен «ЖИ манасчыларды» жаратып, жарымын академияга мүчө, жарымын театрга актёр кылып жиберчүдөй болуп турабыз, Кудай сактасын. Лекин, бизге чейин бу Манасты коргоого, колдоого, жайылтууга жан үрөгөн жан чыккан эмеспи? Далай залкарлар, улуттун уюткулуу жандары өткөн го? Ошолор аракет кылбады бекен? Же алар Манастын улуулугун, аруулугун, сырдуулугун, касиетин астыртан туюп-билип, ага даап чыга албады бекен?! Он сегиз миң ааламдын бир кереметиндей болгон Манасты алар балким биздей жеңил карап, анын океандай келберсиген кеңдигин тарытып, бир А4 баракка батырып, «рекорд» кылууну ойлоруна да албаса керектир?! Ойлонуп көрөлүчү дагы…
Кылычбек Кудайбергенов

