"Эркин-Тоо"

Марат Иманкулов Сауд Арабиясынын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысы менен жолугушту

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Сауд Арабиясы Королдугунун куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын начальниги Фаяяз бин Хамад Аль-Рувайли менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө регионалдык коопсуздук маселелери, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаал, учурдагы эл аралык абал боюнча пикир алмашуу болду.

Чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү, ошондой эле экономикалык өнүгүү жаатында Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы практикалык кызматташуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Марат Иманкулов эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан аркы биргелешкен жемиштүү иштерге даяр экенин билдирди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!