"Эркин-Тоо"

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты, аза күтүү тартипке келтирилет

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Кыргызстанда мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдардан даярдалып, жана бийиктиги 0,70 метрден ашпай турган болгон. Ошондой эле мүрзөлөрдө таш, гранит, мрамор, металлдан эстелик жана тосмо орнотууга тыюу салынган.  Муфтият  бул мыйзамды  ишке ашырууда  шарияттын негизинде фатва даярдап, эл арасында жайылтуу алдында турганын билдирди.  Фатва чыккандан кийин маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бир тартипке келтирилет.  Акыркы сапарга узаган маркумду жерге жаткыруудан тарта,  ихсан өткөрүү тартиптери эрежеге салынат.