"Эркин-Тоо"

Марлен Маматалиев мас абалында унаа айдагандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштады

Депутат Марлен Маматалиев мас абалында унаа башкаргандарга жазаны катаалдаштырууну сунуштоодо. Ал Кылмыш-жаза кодексине жана Эреже бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген.

Эл өкүлү мас абалында жүргөн айдоочунун жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузгандыгы үчүн 50 миң сомго чейин айып пул салынышы керектигин белгилейт. Эгерде денеге анча оор эмес залал келтирилсе, анда айып пулдан тышкары айдоочуга эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөөгө же белгилүү иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ал алты айдан үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Байкабастыктан ден соолукка оор залал келтирилгенде — үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эгерде сөз өзгөчө оор зыян жөнүндө болсо, анда кылмышкер беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 11 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өзгөртүүлөрдүн пакетинде мас абалында экспертизадан өтүүдөн баш тарткан айдоочуларды жазалоону караган норма да бар.

Марлен Маматалиев 50 миң сом айып пул менен жазалоону жана бир жылга лицензиясынан ажыратууну сунуштоодо. Азыр ал 17 миң 500 сомду түзөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!