Марлен Маматалиев швейцариялык инвесторлорду Кыргызстандагы ири долбоорлорго чакырды
Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Швейцария Конфедерациясынын Улуттук Кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Төрага Марлен Маматалиев үчүнчү жолу Кыргызстанга келип жаткан Пьер-Андре Паждын бул иш сапары өзгөчө экенин белгилеп, ал жетектеген “Ландвер” музыкалык оркестринин Бишкек шаарында уюштурган салтанаттуу жүрүшүнө жана концертине жогору баасын берди.
Ошону менен катар соңку учурларда эки тараптуу алакалар жигердүү уланып жатканын айткан Төрага Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда 2026–2029-жылдарга карата кызматташтык программасы кабыл алганын эске салды.
Андан тышкары, Кыргызстан Швейцария менен гидроэнергетика, инфраструктура, саламаттык сактоо, финансы сектору, билим берүү жана туризм тармактарында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирип, ишке ашырылып жаткан биргелешкен инвестициялык долбоорлор тууралуу да сөз кылды.
“Бизде чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, экономиканы либералдаштыруу, инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү жана эркин экономикалык аймактарды түзүү боюнча алгылыктуу аракеттер жүргүзүлүүдө. Андыктан, биз швейцариялык өнөктөштөрдү өлкөдөгү ири долбоорлорго инвестиция салууга чакырабыз”, – деди Марлен Маматалиев.
Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин эки мамлекет ортосунда 32 келишимге кол коюлганына токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы алардын санын дагы көбөйтүп, айрым артыкчылыктуу багыттар боюнча тыгыз иш алып баруу зарыл экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Пьер-Андре Паж Швейцария Кыргызстан менен калыптанган кызматташтыкка өзгөчө маани берерин айтып, өз өлкөсүнүн мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү тууралуу да учкай кеп кылды.
Андан тышкары алакаларды арттыруу жаатындагы артыкчылыктуу багыттарга токтолгон Пьер-Андре Паж энергетиканын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында биргелешип иш алып баруу зарылчылыгын кошумчалады.
Ошону менен катар Швейцарияда мектептен баштап балдарга ишкердик ыкмалары үйрөтүлөрүн маалымдап, бул жаатта да тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдирди.
Жолугушууга катышкан швейцариялык ишкерлер да бизнес чөйрөсүнө жана инвестиция маселелерине байланышкан ойлорун ортого салышты.
Андан соң Төрага Марлен Маматалиев кесиптешин Жогорку Кеңештин иши менен тааныштырып, жыйындар залындагы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү көрсөттү.
Муну менен катар кыргыз парламентинин санариптештирүү жана электрондук документ жүргүзүү жаатында жүргүзүп жаткан реформаларына жогору баасын берген Пьер-Андре Пажды кийинки жылы расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Талайбек Масабиров, Гуля Кожокулова жана Исманали Жороев катышты.