Марокконун Ички иштер министрлиги, 8-сентябрга караган түнү болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миң 862ге, жаракат алгандардын саны 2 миң 562ге жеткенин билдирди.
Мароккодо 8-сентябрга караган түнү күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.
Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.