"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Марстан түшкөн таш 4 миллион долларга чейин бааланууда

16-июлда Sotheby’s аукцион үйү Марстан Жерге түшкөн ташты аукционго коёт. Бул тууралуу Report агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, салмагы 25 килограмм болгон таштын баасы 2 миллион доллардан 4 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Аукцион үйүнүн каталогунда ал «Марстын Жер бетиндеги эң чоң бөлүгү» катары мүнөздөлгөн.

Таш Марстагы ири астероид соккусунан улам ажырап, космосто 225 миллион километр аралыкты басып өтүп, Сахара чөлүнө кулаган. Аны 2023-жылдын ноябрында жергиликтүү аңчы таап алган.

Белгилүү болгондой, азыркыга чейин Жерден табылган 77 миң метеориттин ичинен болгону 400ү гана Марстан түшкөнү аныкталган. Алардын жалпы салмагы 374 килограммды түзөт.

Аукциондо сунушталуучу башка баалуу лоттордун катарында жашы 149–154 миллион жыл деп эсептелген жаш цератозаврдын 2 метрлик скелети да бар. Анын баасы 4 миллион доллардан 6 миллион долларга чейин деп бааланууда.