Аптаптуу жайдын ысык мезгилинде Париж олимпиадасына катышып, жеңиш менен кайтып келген спортчуларды кеп кылуу менен кызык күндөрдү өткөрдүк. Кайсыл жерге барба, сөз чемпиондор жөнүндө болуп жатты. Мунарбек, Мээрим, Айсулуу, Акжол, Жоламандар жашоодогу эң кызыктуу, баатыр каармандарга айланып, спортко болгон элдин кызыгуусу күчөдү. Спортчулардын машыктыруучу тренерлеринин даңкы чыгып, кадыр-баркы ого бетер көтөрүлдү. Бокс боюнча тарых жараткан Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин көп жылдык талыкпаган эмгеги кайтып, бир заматта белгилүү да, бир заматта акчалуу да, бир заматта ак өргөлүү да болгону жалпыбызды кубандырып олтурат. Мунарбек Сейитбек уулунун азыркы жетишкендигинин артында машыктыруучу Султанбаевдин опол тоодой зор эмгеги турат. Мына ушулар туурасында суроо салып, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Беганас СУЛТАНБАЕВди кепке тарттык.
– Беганас мырза, Мунарбектин олимпиададан жеңиш менен кайтышы “Жанында болбой калдым” деген капачылыктарды артта калтырса керек. Андан кийинки ойлор, сезимдер кандай болуп жатат?
– Олимпиаданын жемиштүү жеңиштеринен кийин сүйүнүч, эмоцияларды сөз менен айтып берүү кыйын болду. Бул нерсеге биз эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли да маңдайы жарылып кошо кубанды. Олимпиадага барбай калганыма алгач таарынычтар коштоп, ыза болдум. Бирок, Мунарбек күмүш медалды утуп келгенден кийин ал капачылыктардын баары унутулуп, кубанычка айланып кетти. Президентибиз Садыр Нургожоевич олимпиада спортчуларын болуп көрбөгөндөй сыйлады. Мага Ажобуз тарабынан 2 жарым миллион сомдук, Ош шаардык мэриясынан 500 миң сомдук сертификат ыйгарылды. Ошко келгенде да ойго келбеген баалуу, акчалай белектерди тартуулашты. Ош шаарындагы жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн 2 бөлмөлүү батир беришти. Олимпиадага катышып келгендердин жеңгенин да, жеңбегенин да Өлкө башчысы айкөлдүк кылып кандай колдогонун көрдүңүздөр. Мындай эч качан болгон эмес. Мына ушул окуялардан кийин жалпы элибиздин көкүрөгүндө жылуу сезимдер уялап, спортко болгон кызыгуулары арта баштады.
– Окуучуңуз Париж олимпиадасына кантип катышып калды? Кошо барбасаңыз да, теледен Мунарбекке секундант болуп турганыңызды айттыңыз.
– Албетте мындай чоң иш-чараларга ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары кошо барса жакшы болмок. Себеби, ал өзүнүн окуучусун беш колундай билет. Машыктыруучунун кайсыл жерде, кандай учурда шакиртине абалга жараша эмнелерди айтып, үйрөтүп туруусу үчүн керек болот. Машыктыруучулар окуучусун бир көз караштан сезип, түшүнүп турат. Тилекке каршы, кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун сыналгыдан көрүп олтурууга туура келет экен. Олимпиадага лицензия алыш үчүн майдын 25инен 3-июнуна чейин болгон Таиланддагы турнирге барып катыштык. 6 беттешүүнү жеңип, Париж олимпиадасына жолдомо утуп алды. Мындай мүмкүнчүлүккө Кыргызстандан жалгыз мушкер Мунарбек Сейитбек уулу илинип, буйрук экен Париж олимпиадасына катышууга жол ачылды. Окуучум олимпиададан жок дегенде 3-орунду алат деген менде чоң ишенич болгон. Көңүлүм эмнегедир ток болду. Бирок, ал жакта Мунарбекке күчтүү торго түшүп, андан суурулуп чыгуу оңой болгон жок. Ошентсе да, ички туюмдарым айткандай эле Мунарбек дүйнөнүн бир нече жолку күчтүү чемпиондору менен 3 беттешти утуп, жеңиш менен кайтты. Ооба, ошол мезгилде окуучум Мунарбекке теледен секундант болуп турдум. Телепатия күчтүү иштедиби айтор, кандай айтсам, ошондой болуп Мунарбек атаандашын мени уккандай эле согуп жатты.
– Мындай жетишкендиктер өзүнөн өзү келе койбостугу анык. Кыйынчылык күндөрдө кол шилтеп басып кетип калсамбы деген ойлор болдубу?
– Тогуз жылдан бери үй-бүлөм менен OSH-ASIA спорт клубунун жанындагы жатаканада жашадык. Учурда үй салайын деп алган Ош шаарынан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан жерде убактылуу баш калкалоочу жайда жашайм. Ал жерде шарттын жоктугуна байланыштуу суук түшкөндө үй-бүлөм менен шаарга барып, батир жалдап турабыз. Жаз келгенче квартирант болуп жашайбыз. Эми минтип үйлүү болуп олтурабыз. 3 уул, бир кызым бар. Уулдарым футболго барат, улуу уулум бодибилдингге катышат. Андан сырткары кошумча үйдө дагы балдарым менен машыгабыз. Турмуштун ар кандай ысык-суугу болот. Ошондой учурларда жубайым бир дагы жолу машыктыруучулукту ташта деген жок. Мелдештерге көп эле жолу катыштык, кээде калыстардын адилетсиз чечимдерине дуушар болосуң. Жеңишти жеңилген тарапка ыйгарып койгон учурлар болду. Андайда маанайың жакшы болбой, шаабайың сууп келгенде үйдө жубайым ар дайым жакшы сөздөр менен дем, күч-кубат берип чөккөн маанайды көтөрүп турчу. Бир дагы жолу ишиме карата жаман, каршы пикирин айткан жок, мен ага абдан ыраазымын. Башынан эле спорт менен жашап, спорт менен күн көрүп келе жаткандыктан, ишим өзүмө абдан жагат. Эч нерсе билбей келген баланы үйрөтөсүң, тарбиялайсың. Биринчи шаардык турнирлерге, кийин областтык, республикалык, азиялык, акырында дүйнөлүк деңгээлдерге чейин жеткиресиң. Улам кызыгып олтуруп, ушунча жыл убакыт билинбей өтүп кетиптир. Мурда жаңы машыктыруучу болгондо айына 530 сом айлык алып жүрдүм. Азыр эми Кудайга шүгүр, жакшы. Жатаканада жашап жүргөндө, Россияда иштеп жүргөн досторум тарабынан спорт тармагына бир нече жолу жакшы айлыкка чакыруулар болгон. Бирок, окуучуларымды өз балдарымдай көргөндүктөн аларды таштап кетип калгым келген жок. Көшөрүп, талыкпай иштей бердим. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей мына азыр эми жыйынтыгы жаман эмес. Мунарбектен кийин дагы резервде көп мыкты окуучуларым бар.
– Спортто өзүңүзгө карьера жасай алдыңызбы?
– Оштун Манас-Ата кичи районунда чоңоюп, Барпы атындагы мектепте окудум. Мен өзүм спортко 1995-жылы келгем. Биринчи агайым кикбоксинг жана бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тагай Өмүржанов биздин “пайдубалды жакшы түптөгөн”. Мээрим төгүп тарбиялады. Тилекке каршы, 2000-жылы машыктыруучубуз Казакстанга иштегени кетип калды. Ал агайымдан бир-эки жыл машыккандан кийин 1997-жылы шаардык, республикалык деңгээлдеги турнирлерди ута баштагам. Шакирттеримдей болуп узакка кете албасам да, Мунарбектей тарых жараткан мыкты спортчуларды чыгардым. Уучубуз куру эмес, анын артынан да өсүп келе жаткан мыкты балдар көп. Спорттук карьерамда өзүм бир нече ирет өлкө чемпиону, ар кандай эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана байге ээси болдум. Баары түзүлгөн жагдайга жараша болот экен. Ал убакта азыркыдай шарт, мүмкүнчүлүктөр жок эле. Шарттын жоктугунан элементардык мээлей табуу дагы кыйын эле. Болсо да, алганга тыйын жок дегендей.
– Мунарбек сизге канча жашында келди эле? Анда кандай сапаттар бар?
– Мунарбек мага 2004-жылдын сентябрь айында сегиз жаш курагында келген. Ал өзгөчө акылдуу, зээндүү жана эмгекчил, тартиптүү спортчу болгондугу менен башка балдардан айырмаланган. Мунарбек менен кичинекей кезинен бери эле ээрчишип келе жатабыз. Мунарбекке үйрөткөн эң негизги принцибим, кандай жагдай болбосун адам бойдон калуу. Анын эң биринчи адамдык сапаты – Кудайдан коркуу. Экинчиден, улууну, кичүүнү сыйлайт, кандай бийиктикти багындырбасын, түпкүлүгүндө ошол бойдон калат. Үчүнчүдөн, ал жылдыз оорусуна жакын эмес. Ал көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу жөнөкөй, кадимки үйбүлөдөн чыккан. Улуу, атактуу инсандардын көпчүлүгү жөнөкөй болот эмеспи. Мунарбекте дал ушул касиет бар, ал абдан жөнөкөй, күчтүү, сабырдуу, кичипейил жигит. Кыргызстан үчүн тарых жаратып, эл сыймыгы болуп жатса да, андан азыр менменсинүү, керсейүү дегенди байкаган жокпуз. Мунарбек келечекте кыргыз эли үчүн дагы чоңчоң жеңиштерди багындырат. Андан кийинки олимпиадада алтын медалга жетишин Жараткандан тилейм.
– Тажрыйбалуу машыктыруучу катары айтсаңыз, спортчу болом деп келген ар бир эле баланы даярдап, чемпион кылып чыгарууга мүмкүнбү?
– Бизге машыкканы көп эле балдар келет. 10-15 күн өткөндөн кийин баланын шыгы, жөндөмү билинет. Кээ бир ата-энелер уулдарын боксер болосуң деп бокско алып келишет, бирок баланын ичиндеги көксөөсү футбол болсо, ал баладан канча аракет кылсаң да мушкер чыкпайт. Баланы мажбурлабай, өзүнө койсоң, ошондо ийгиликтерге жетишет. Акыркы окуялардан кийин азыр айрыкча бокско болгон кызыгуу абдан күчөдү. Мамлекеттин спортко болгон колдоосунан, камкордугунан уламбы, спортчу болсом болмок экен деп өкүнгөндөрдү көрүп жатабыз. Балдарын спортко берем деп сүйрөп келгендер андан көп. Бокска кызыккандар мындан көп. Машыгып жаткан бардык балдарга, кайсы спорт болбосун, эң негизгиси биринчи Жаратканга, андан кийин өзүңө ишен, машыктыруучуңа ишен, ошондо ийгиликке жетесиң демекчимин.
– Өлкөдө бокстун өнүгүүсү үчүн эмнелерди кылуу керек?
– Өлкөдө бокс өнүгүп өсүүсү үчүн дагы спорт залдарын ачуу керек. Билесизби, көбүнчөсү карапайым үй-бүлөлөрдүн балдары бокс менен машыгышат, мындай балдарга тез-тезден жардам, колдоо көрсөтүү керек. Ал эми келечекте мамлекетибиздин даңкын чыгара тургандар дагы ошолор. Бирок, дагы бир нерсени белгилеп кетким келет учурдан пайдаланып, эң негизгиси өлкөбүзгө жан-дили менен берилген, окуучуларын өз балдарындай чын жүрөктөн сүйгөн кесипкөй машыктыруучулар керек… Эл аралык окуу лагерлерин көбүрөөк өткөрүү, башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу, режимди, тамактануу системасын жана тартипти сактоо абдан маанилүү. Боксчуга моралдык, материалдык жактан жардам беришибиз зарыл. Окуучуңа күн сайын дем, шык берип туруу абдан маанилүү. Менин максатым –тынчтыкта жашап, олимпиада чемпиондорун көбөйтүү. Айтор, заманыбыз өзгөрдү. Спорт – бул ден соолук дегендей, элдин мындай агымы, спортко болгон көз караштын оңолушу, мамлекеттин материалдык жактан колдоосу келечектен көптү үмүттөндүрөт. Бул абдан жакшы жышаан. Ылайым эле элибиз спорт менен жашап ден соолукта болуп, келечекте чебер спортчуларыбыз көбөйсүн! Кыргызстандын желеги желбиреп алтын, күмүш медалдар агылып келе берсин.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА