10-декабрда массалык баш аламандык уюштурууга элди үндөгөн Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча (“Массалык баш аламандык”) козголгон кылмыш кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө массалык баш аламандыкка жана мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды дайыма жарыялап турган “Фейсбук” социалдык тармагындагы “Айман Манап” аккаунтунун колдонуучусу, КРнын 1983-жылы туулган Б.Д.М. аттуу жараны аныкталып, кармалды.
Ал Facebook социалдык тармагында фейк аккаунт колдонгон.
Кармалган жарандын жашаган жеринде ыкчам тинтүү иштеринин жүрүшүндө анын уюлдук телефону, ошондой эле кылмыш ишине тиешеси бар башка буюм далилдери алынды.
Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.