"Эркин-Тоо"

Матраимов жана кылмыштуу топ менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды

Мамлекеттик бажы кызматында Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар 58 кызматкер иштен алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлдү.

«Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар», — деди ал.

Исаков азыркы учурда кошумча иликтөө иштери жүргузулүп жатканын, ал боюнча дагы маалымат берилерин кошумчалады.

Ошондой эле Исабеков Матраимов менен кыйыр байланышы бар айрым кызматкерлер ээлеген кызмат ордуларынан төмөндөтүлгөнүн белгиледи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!