"Эркин-Тоо"

Матраимовго тиешелүү имаратта калкты тейлөө борбору ачылды

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан Райымбек Матримовго таандак болгон “Эльдорадо” соода борборунун имараты — Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты тейлөөчү борборго айланды. Анын ачылышы бүгүн 9-апрелде өтүп, ага премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

2020-жылдын декабрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мамлекетке келтирген чыгымын төлөгөнүн, анын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк катары кайтарып бергенин айткан. Бир нече батир менен кошо Матраимов Бишкектеги Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан “Эльдорадо” соода борборун мамлекетке өткөрүп бергени белгилүү болгон.

Учурда Райымбек Матраимов коррупцияга жана кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, №47 абакта кармалууда.

Эске салсак, 2020-жылы АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.