"Эркин-Тоо"

МАЖАРСТАНДАН БАШТАЛГАН ЖОЛ

Бул күндөрү кыргыз-мажар коомчулугунда белгилүү окмуштуу, түрколог Коңур Мандокинин 80 жылдыгы белгиленип жатат. Мажарстандын Кыргызстандагы элчилиги окмуштунун туулган күнүнө карата “Мандокинин Кыргызстандагы издери менен” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү. Конференцияга окмуштуулар, түркологдор, тарыхчылар жана өз убагында Мандоки менен тааныш болуп, кызматташып калган маданият ишмерлери, журналисттер катышты. Коңур Мандокинин ишмердигин баяндаган китеп, сүрөт көргөзмөсү коюлду. Ал көпчүлүк өмүрүн Кыргызстан менен Казакстанда өткөрүп, мадияр элинин байыркы тарыхын изилдөөгө арнаган. Көптөгөн илимий макалалары европа жана түрк тилдеринде жарык көргөн. Ал 1944-жылы Венгрияда төрөлүп, 1992-жылы Дагестанда каза болот, сөөгү Казакстанга коюлат. Коңур Мандоки менен учурунда кызматташып жүргөн  айрым окмуштууларды, ишмерлерди кепке тарттык.

Алыкул Осмонов үй музейинин директору, адабиятчы Памирбек КАЗЫБАЕВ:

— Түрколог Коңур Мандокиге арналган бүгүнкү иш чараны Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги менен Алыкул Осмонов атындагы коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. Коңур Мандокинин ысымы кыргызстандыктарга жакшы тааныш. Мына кечээ эле кыргыз радиосу Чоюн Өмүралиевдин  тээ 1989-жылы  Коңур Мандокиден алган интервьюсун кайталап берди. Мындан 20 жыл башта “Мажарстандын маржандары” деген китеп чыгарганбыз. Быйыл анын 80 жылдыгы белгиленип жатат. Юбилейине карата биз “Коңур коңгуроо” деген китепти чыгарып жатабыз. Китеп эмне үчүн мынтип аталып калды? Ошол 80-жылдары биздин республикада кыргыз тил, кыргыз тилиндеги мектеп, бала бакча маселеси абдан курч турган. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бул темада көп макала жазган. Ага каршы чыккан далай элбезерлер болгон. Ошол убакта Европадан, Венгриядан Коңур Мандоки келип таптак кыргызча сүйлөп кирсе элдин баары таң калган. Ошондо биз эмне үчүн  өз жерибизде, өз элибизде эне тилинде сүйлөй албайбыз деп уялып, катуу намыстанганбыз. Ал киши биздин жан-дүйнөбүзгө руханий төңкөрүш жасаган. Ошол үчүн китептин атын “Коңур коңгуроо” деп атадык. Мажарстанда Орто Азия элдерин, алардын ичинде кыргыздардын тарыхын, тилин изилдеген бир топ окумуштуулар болгон. Ошолордун акыркысы Коңур Мандоки болчу. Мен Мажарстанга барганда бир жаш  окмуштуу менен жолугушуп калдым. Андан “силер эмне үчүн кыргыздардын тарыхына кызыгасыңар” десем ал жигит “байке, биздин түбүбүз, тамырыбыз бир. Кан тартып турат” деп таптак кыргыз тилинде жооп берди.

Түрколог, окмуштуу  Кадыралы КОНКОБАЕВ:

— Коңур Мандоки 1986-жылы алгач ирет Кыргызстанга келгенде эле Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, окумуштуулар геолог Апаз Бакиров, Муса Адышев сыяктуу алптар менен жолугуп, жакындан таанышкан. Мен ал жолугушуулардын бардыгына күбө болгомун. Беш-алты жылдын ичинде эле Мандоки деген аты бул жакта калып, Коңур аке болуп кеткен. Бүгүнкү мажарлар өздөрүн байыркы гунндардын тукумдары деп эсептешет. Батыштагы алардын аты “Хун-гари”, гунндардын мамлекети дегенди түшүндүрөт. Аларды биз атам-замандан бери эли мажар деп келгенбиз. Кыргызстанда мажар деген тоо бар. Мадияр деген кишилердин аттары, фамилиялары бар. Булардын баары гунндардан калган байыркы ысымдар, аталыштар. Өкүнүчтүүсү Мажарстандагы кыпчактар он сегизинчи кылымдын орто ченинде жазуу тилин да,  оозеки сүйлөө тилин да жоготкон. Коңур Мандокинин кыпчак тилин калыбына келтирсем деген кыялы, максаты бар эле. Бизде 1992-жылы Бишкек гуманитардык университети ачылганда мен Коңур Мандоки акеге телефон чалдым. “Мен университетте түркология факультетин ачтым. Сиз үчүн акча таап, Асанбай кичирайонунан 3 бөлмө квартира сатып алдым. Айшакан экөөңүздөр келип ошол үйдө жашап, биздин университетте иштеңиз. Сиз кыялданып жүргөн байыркы кыпчак тилин калыбына келтирип, грамматикасын, алиппесин баарын жазып чыгалы. Биз жардам беребиз. Экинчиден  сиз өзүңүз айтып жүргөн байыркы кыргыз тилин , кыргыз тилинин тарыхын, этникалык тарыхы боюнча жумуштарды жасайлы” деп айттым. Коңур аке бул кабарды жетине албай, өтө кубануу менен кабыл алды. Ал “мени Европада,  Мажарстанда кармап турган эч нерсе жок. Макул, ошол иштерди жасайлы. Мен Кыргызстанга көчүп барам” деди. Орхон-Енисей жазуулары  кыргыз элиники деп айтып келатабыз, ошолордун баарын изилдеп, иликтеп жолго коелу деген чечимге келдик. Бирок, биздин тилектердин баарын күтүүсүз келген ажал жок кылып кетти. Коңур аке 1992-жылы 22-августта капысынан жүрөгү кармап кайтыш болуп калды.

 Коомдук ишмер Тилектеш ИШЕМКУЛОВ:

— Мен Коңур Мандоки менен чогуу көп жүрүп калдым. Ал убакта “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору болчумун. Ал киши биздин тарыхты, адабиятты, маданиятты беш колундай билген киши эле. Бүтүндөй Орто Азия аймагын, айрыкча Кыргызстан менен Казакстанды менин карачечекей мекеним деп айтчу. Ал киши Кыргызстандын чыныгы мекенчил адамдарынын бири эле. Кебете-кешпири, аурасы ар бир адамды өзүнө тартып турар эле. Көз карашы кенен, маданияты бийик инсан экени сезилип турчу. Коңур Мандоки кээ бир тарыхчыларыбызга караганда биздин басып өткөн жолубузду, тарыхыбызды эң сонун биле турган. Ал кишинин  кыргыз кызына үйлөнөм деген жакшы тилеги бар эле. Эгер көзүм өтүп кетсе сөөгүмдү кыргыз жерине койгула деп айтып калчу. Анткени, “кыргыздар  бүтүндөй түрк элдеринин башында турган эл. Ошондуктан биз баарыбыз кыргыздарга таазим кылып, башыбызды ийебиз”  деп айтчу. Анан да  кыргыз тилин аябай жакшы билчү. Тим эле макал-лакаптарды кошуп сүйлөчү. Бирок, шарт, жагдайга жараша казак кызына баш кошту. Сөөгү да Казакстанга коюлду.  Ал кишинин доктордук диссертациясы казак тилинде чыкты. Боордош казак эли да  аябай сыйлай турган. Коңур Мандоки бир кезекте салган чыйыр  аркылуу Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы достук байланыш күчөп баратат. Былтыркы жылы биздин Президентибиз Садыр Жапаров баш болгон мамлекеттик делегация Мажарстанга барып эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу боюнча бир катар маанилүү келишимдерге кол коюп келди.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№13 «Эркин-Тоо» гезити 

2024-жылдын 16-февралы

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!