"Эркин-Тоо"

MCN Coin иши боюнча кармалган Юруслан Тойчубеков 2 айга камалды

Биринчи май райондук соттун чечими менен MCN coin ишине байланыштуу кармалган Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды.

Маалыматка ылайык, Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды.

Эске салсак. буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбековдун Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.

Пример HTML-страницы