Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Медер Алиев тарабынан парламентти эки палаталуу кылуу сунушу айтылды.
Депутат мындай сунушун күн тартибиндеги «Ар кандай маселелерди» кароо токтотулганына нааразы болгондугунан улам айтып чыкты.
«Биз ар кандай маселелерди жокко чыгарууну адат кылып алдык. Анда эки палаталуу парламент кылалы. Мыйзам чыгаруу палатасы мыйзам долбоорлору менен, ал эми өкүлчүлүк палата жарандардын маселелери менен алектенет», — деди Алиев.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Казакстан парламентинин депутаттарынын келишине байланыштуу күн тартибиндеги маселелердин тизмесин кыскарткан.