— Медербек мырза, Түркияда канча жылдан бери жашап жатасыз? Азыр эмне иш менен алектенесиз?
— 2016-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз-ТүркАнадолу лицейин бүтүрүп, Анкара шаарындагы Анкара университетинин саясий илимдер факультетинин экономика багытында билим алдым. Өткөн жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктадым. Азыр бул университетте жубайым билим алып жатат. Ал окуусун аяктаганга чейин Анкара шаарында убактылуу жашап жатабыз.
— Жер титирөөдөн жабыр тарткан аймакта болдуңузбу? Апаат болгон аймактардагы абал кандай?
— Ооба, жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Кахраманмараш, Газиантеп, Малатья, Эльбистан сыяктуу шаарларда болуп, бүгүн гана Анкарга кайтып келдим. Апаат болгон аймакта абал өтө оор. 6-февралдын таңында жер титирөө болду, түшкү саат 13:30дар чамасында дагы бир жолу жер катуу силкинди. Кырсык болгон аймакта жалпысынан 15 миллион калк жашачу.
Эпицентр катары Кахраманмараш шаарын белгилешти. Бир гана бул шаар эмес, башка шаарлар да катуу кыйрады. Ал жердеги адамдар урандылардын алдында калып, элдин абалы өтө оор болду. Биринчи күндөрү атайын техникалар, куткаруучу топтор жетишсиз эле. Түркия мындай апаатка даяр эмес болгондуктан, чоң жоготууга туш болду. Эпицентр катары Кахраманмараш шаары белгиленгендиктен, дээрлик бардык эл аралык куткаруу топтор ушул шаарга келишип Хатай сыяктуу шаарлар жакшы каралбай калды. Атайын техникалары жок эл өздөрүн өздөрү куткарууга аргасыз болушту. Мындай мүчүлүштүктөрдү түшүнсөк болот. Анткени мындай апаатты эч ким күткөн эмес. Бийлик элге колунан келишинче жардам берип жаткандыгын биз аралашып жүрүп жакындан билдик. Ар кандай оппозициялык топтор бул кырсыкты да саясатташтырып жаткандыгын да көрдүк. Ушундай чоң кайгыны саясатташтырып туура эмес жакка колдонгону өкүнүчтүү…
— Кырсыктан кийин ал жактагы мекендештер бири-бириңиздер менен байланышып, ал-жайды сурашсаңыздар керек…
— Албетте, мындай кырсыкта кантип тынч жата алмак элек. Кахраманмараш шаарынан болжол менен 600 чакырым алыстыкта жашайбыз. Кырсык болгон таңда ата-энем тынчсызданып телефон чалышты. Мен бул кабарды интернеттен эмес, же жергиликтүү элден эмес Кыргызстанда жашаган атаэнемден биринчи уктум. Анткени, Кыргызстанда саат алты болгондуктан, эрте ойгонушуп кабарды бизден мурун алышыптыр. Суук кабарды уккандан кийин Түркияда окуп жатышкан студенттерге байланышып баштадым. Ата-энемден кийин эле менден кабар алган Түркиядагы Кыргызстандын элчилиги болду. Тагыраагы Анкарадагы Консул башка шаарларда жашаган өзүң тааныган мекендештерибиз менен байланышууга жардам бер деп кайрылды. Аларга байланышып ал-абалын сурадык.
— Биздин ӨКМдин кызматкерлери кандай жардам берип жатышат, алардын иштөөсү үчүн түзүлгөн шарттар кандай экен?
— Мен котормочу-ыктыярчы катары катуу жабыр тарткан шаарларга барып, жагдайды өз көзүм менен көрдүм. Биздин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин ишине эң мыкты деген баа берем. Анткени, кыргыз элинин кадыр-баркын көтөргөн күжүрмөн эмгектерин жакындан көрдүк. Европа, Азия, Африка жана Түрк тилдүү мамлекеттерден келген куткаруучу топторго салыштырмалуу биздин куткаруучулардын шарттары начар болгондугуна карабастан, өздөрүнүн баатыр мүнөз эл экенин, кичинекей мамлекеттен келгенине карабастан жүрөктөрүнүн чоңдугун далилдешип, иштеп жатышат. Албетте, мындай иштерде ар дайым кооптуулук бар, ар бир адамдын өмүрү тобокелдикте турат. Чарчадым-чаалыктым дебестен күнү-түнү тыным албай иштешүүдө. Аларга алкыш гана айтуу менен жасаган эмгектерине баа бердик. Бул сөзүм менен ал жактагы жергиликтүү боордош түрк элинин да ойлорун, ыраазычылыгын айтып жатам. Алар менен баарлашканымда кыргыз элинин колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти.
— Биздин элчилик кандай колдоо көрсөтүүдө?
— Адегенде Түркиянын туш тарабында билим алып жаткан кыргыз студенттери жана ал жакта иштеп жаткан мекендештерибиз ыктыярчы болуп жүргөндүгүн белгилеп кетким келет. Эжелерибиз куткаруучуларга манты, аш бышырып келишкендиги өзгөчө колдоо болду окшойт. А түгүл ошол жерде ашпозчу болуп калышты.
Кыргызстандан келген боз үйлөрдү тургузууга жердештерибиз жардам беришти. Түркиядагы жергиликтүү Ван кыргыздарынын да эмгеги зор.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ишине өз көзүм менен күбө болдум. Болгон аракетин кылып иш алып барышууда. Кырсык болгон учурдан тартып колдон келген жардамдарын беришүүдө. Өтө оперативдүү иш алып барышып, жер титирөө болгон шаарларда жашаган мекендештерибиз менен байланышып, ал-абалдарын сурашып, Кыргызстанга кетүүнү каалаган бир топ жарандарды учакка салып узатышты. Тамак-аштан, жатаканадан кыйналгандарга көмөк көрсөтүштү. Мындан сырткары ӨКМ кызматына да жакшы жардам беришти. Аларга шарт түзүп, тамак-аш менен камсыз кылышууда. Түркияда, өзгөчө азыркы абалга байланыштуу Кахраманмараш шаарында телефонго сим карта алуу өтө кыйын. Ошондуктан, элчилик студенттер менен биргеликте иштешип, байланыш маселесин чечип беришти.
Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев өзү баш болуп, элчиликтин кызматкерлери менен кырсык болгон бардык шаарга барып, жарандардын ал-ахыбалын сурап, куткаруучулардын шарттары менен таанышып, жергиликтүү бийлик менен байланышып болгон аракеттерин жасашууда.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган топ куткаруучулардын шарттарын жана ишин көрүп, түрк элине көңүл айтып кетишти.
Жылдыз ДЫЙКАНОВА
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы