Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында депутат Медербек Саккараев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Медербек Саккараевдин талапкерлигин жашыруун добуш берүү менен 68 депутат колдоду.
Жогорку Кеңеш тиешелүү токтомду кабыл алды.