Бишкекте Медеров көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин толугу менен унаа кыймылы үчүн ачылды.
Жолдун эски катмары алынып, эки катмар жаңы асфальт төшөлдү. Бордюрлар алмаштырылып, ирригация тутуму иретке келтирилди. Жол белгилери чийилип, керектүү белгилер орнотулду. Айрым жерлерде жол 5 тилкеге чейин кеңейтилип, кесилиштерде бурулуштар үчүн кошумча тилкелер коюлду.
Алдыда көчөнү жарыктандыруу жана аялдамаларды жаңылоо иштери жүргүзүлмөкчү.
Спросить ChatGPT