"Эркин-Тоо"

Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: Кыргыз Республикасынын Баатыры, Легендарлуу парламенттин төрагасы “АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ” ДЕГЕН ТАРЫХЫЙ ЫСЫМ, БИР КҮНДӨ ЭЛЕ ЖАРАЛА КАЛГАН ЖОК”

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан ШЕРИМКУЛОВ

– Медеткан Шеримкулович, саясатта сизге үзөңгүлөш болгон белгилүү саясатчы, илимпоз, академик, Жогорку Кеңештин эки жолку төрагасы Абдыганы Эркебаев жөнүндө сиз менен маек курууну туура көрдүм. Сиз Легендарлуу парламентте төрага болуп турганыңызда Абдыганы Эркебаев да Жогорку Советтин жаш депутатынын бири эле. Абдыганы Эркебаевди депутат болгон мезгилден тарта билесизби же ага чейин эле байланышыңыз бар беле? Кепти ушундан баштасак…

– Абдыганы Эркебаев Кыргыз Республикасынын белгилүү инсаны, илимпоз, академик, кыргыз элинин эң көрүнүктүү уулдарынын бири деп билем. Мен Абдыганы Эркебаев менен 1986-жылдан бери жакындан таанышмын, жакындан билем деп айтсам жаңылышпайм. Ал мезгилде Абдыганы Эркебаев биздин Улуттук Академияда кыргыз тили жана адабияты институтунда кызматкер болуп иштеп жүргөн мезгили болчу. Мен аны ошол мезгилден тааныйм деп айтсам туура болот го. Биз экөөбүздүн таанышканыбыздын өзү да кызык окуя. Мен ал кезде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин алдындагы партиялык комиссиянын төрагасы болуп иштеп калган кезим болчу. Анын алдында мени Турдакун Усубалиевич Дене-тарбия (Физкультура) институтуна ректор кылып жиберген эле. 1985-жылы Турдакун Усубалиев иштен кеткенден кийин, мени кайра эле Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетине чакырышып, кайра эле жумушка коюшкан болчу. Ошол мезгилде БКга кат жазуулар, арыздануулар күчөп турган учур. Ошол мага келген каттардын арасында, Абдыганы Эркебаевдин үстүнөн да кат түштү. Ошондо аны мен чакырып, жакындан сүйлөшүп таанышкам. Анда ал жакшынакай болгон, кара-тоголок жапжаш жигит экен. Экөөбүз менин иш бөлмөмдө бир топко, ошол каттын айланасында, башка маселелер боюнча узакка сүйлөшүп отурдук. Ошондо өзүнүн ой-пикири, болгондо да кыргыз адабияты, маданияты, билим жөнүндө айткан сөздөрү, мага ушунчалык таасир берип көңүлүмдө калды да. Мен Абдыганы Эркебаевди ошол күндөн баштап таанып калдым деп айтсам туура болот го.

– Эркебаев, “тоголок катта” жазылгандай эмес, башкача болуп чыктыбы?

– Ооба, башкача болуп чыкты. “Тоголок катта” мындай деп жазышкан экен. “Мурдагы иштеп кеткен жетекчилери менен жеке мамилеси жакын болчу. Мурдагы компартиянын жетекчилеринин айрымдарынын аты да аталып, “… ошолордун кадры” дегендей жазган экен катта. Аны Абдыганы өзү деле “Ооба, Медеткан Шеримкулович, алар менен жумуш боюнча тааныштыгым бар” деп ачык эле айтты. Мага анын түз сүйлөп, катта жазылгандарга түз, өз далилдери менен жооп кылып айткандары жакты. Кайсалактабай, ачык айтканын да, азамат жигит турбайбы деп бааладым. Бир канча убакыттан кийин Кыргыз Илимдер Академиясынын Тил-адабият институтунун директорунун орду бошоп калып, бир топ илимпоздор конкурска катышты. Алардын арасында Абдыганы Эркебаев да катышты. Чындыгын айтканымда мен деле “Абдыганы конкурстан өтсө экен” деген жакшы ойдо элем. Азыр айтсам боло берет. Абдыганы Эркебаев Тил-адабият институтунун директорлук кызматына өтүп, ал жерде көп жыл үзүрлүү иштеп калды. Абдыганынын кыргыз адабияты, кыргыз маданияты, кыргыз тарыхы, өзгөчө кыргыздын маданият майданындагы тарыхы боюнча анын эмгеги абдан чоң. Себеби, совет убагындагы советтик системанын жүргүзүп жаткан саясатына туура келбейт деп биздин залкар жазуучулар, акындар ошол мезгилде биздин кыргыздын алфавити, жазмасы жок деп жүргөн кез болчу. Аң-сезимибизге кирип калган эски көз карашты жок кылды. Атактуу инсандарыбыз, тарыхтын бир бүктөмүндө жок болуп кала жаздаган кезде, алардын ысымдарын, кол жазмаларын чаң басып жаткан жеринен таап кайрадан экинчи, түбөлүктүү өмүр тартуулаган Абдыганы Эркебаевдин чечкиндүү кадамы деп баалайт элем. Кыргыз адабий тарыхына из калтырып кеткен акындарды кайрадан жаңы мезгилге ылайыктап, коркпой аларды өзүбүздүн жаңы тарыхыбызга кошуп, алардын атын атап, элибизге жеткирүүдө Абдыганы Эркебаевдин эмгеги зор экенин айта кеткеним туура го. Ошол кезде Абдыганы Эркебаевдей билимдүү, чечкиндүү жетекчи керек эле. Кыргыз элинин колу куру эмес болчу. Кыргыз элинен чыккан мындай залкарлар болгон деп, улуу залкарларыбызды кайрадан кыргыз адабиятынын тарыхына алып келгендердин бири – Абдыганы Эркебаев болгон. Ал кезде Абдыганынын жаштык курч кези эле. Жаш мезгили, илимде, саясатта турукташып келе жаткан мезгили деп айтсам туура болот го. Абдыганы Эркебаев деген тарыхый ысым бир күндө эле жарала калган жок. Ал үчүн ал өзү да илимде, чоң саясаттын казанында кайнады, жалпы элибиздин таразасынан, сынынан өттү. Кыргыз интеллигенциясынын арасында өзүнүн ордун таап, “Абдыганы Эркебаев” деген ысымды республика тааныган мезгилге чейин көк муз, саясый далай бийик ашууларды басып өттү. Эл тараза деп коёт эмеспи, жалпы элибиздин сынынан өтүү кыйын. Бүгүнкү күндө, Абдыганы Эркебаев мезгилдин, жалпы элибиздин сынынан өткөн белгилүү инсан. Бул өзүнчө бир илимий жана саясый чөйрөдө таанылган чоң фигура, инсан катары өзүнүн орду бар адам катары белгилүү. Андан кийин турмуш өзгөрдү, 1989-жылы өзүм баштаган комиссия, кыргыз тилине “Мамлекеттик тил” деген статус беребиз деген чоң жоопкерчиликти мойнубузга алдык. Бул азыр айтканга жеңил, себеби кандай болгон күндө да 1989-жыл, кубаттуу делген Советтер Союзу жашап турган мезгил болчу. Баарыбыз эски адат менен Москваны кылчактап карап турган учур. Москва эмне деп кыйкырып коёр экен, эмне деп кабагын бүркөп коёр бекен деп биздин жетекчилик кайпалактап турган мезгил эле. Бул чындык. Канткен күндө да Москвага кошомат кылып турган учур болчу. Мына ошол убакта кыргыз тилине “Мамлекеттик тил” деген статус берели деген сунуш менен мен Борбордук Комитетке кайрылып, комиссия түзүп, комиссиянын төрагалыгына өзүмдү коюп, комиссиянын составында Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жана жазуучуларыбыз, акындарыбыз, тилчилерибиз, академик Бүбүйна Орузбаева деген эжебиз баш болгон залкарларыбыздын салымы чоң болду. Ал эми жаш илимпоздордун арасынан, өзгөчө тил-адабиятты жакшы билген Абдыганы Эркебаев да кошулуп көптөгөн иштерди аткарды. Кыргыз Республикасынын мыйзамын чыгарып, кыргыз тилине мамлекеттик статус берүүгө активдүү катышкан кишилердин бири Абдыганы Эркебаев болгонун баса белгилеп кетким келип турат. Ошол учурдан баштап, Эркебаевдин аты эли-журтубузга таанылып, кадыры артып, ушундай билимдүү, тилибизге күйгөн патриот жигитибиз Эркебаев деген окумуштуубуз бар экен деген пикирлер кенен айтыла баштады. 1991-жылдын 31-августунда биз Кыргыз Республикасы көз карандысыз суверендүү демократиялык Республика деп жарыяладык. Жаңы бийлик, жаңы өкмөт түзүлүп, өзүбүздүн тунгуч, биринчи Президентибизди шайлап алдык. Мына ошол өкмөттүн составында, болгондо да ошол массалыкмаалымат каражаттарынын сферасына ким татыктуу деген суроо туулуп турганда, Абдыганы Эркебаевдин кандидатурасы көрсөтүлдү. Андан кийин вице-премьерминистрлик кызматта да иштеп турду. Ал Аткаруу бийлигинин кайсы гана бутагында иштебесин, Абдыганы Эркебаев абдан жакшы, анан таза, үзүрлүү иштеди. Өзүнө берилген тармакты абдан татыктуу кармап, ошол жетекчи болуп барган министрликте башкаларга үлгү болуп иштеп жүрдү. Жаңыдан гана бутуна туруп келе жаткан көз карандысыз жаш мамлекетибиздин бир бутагын татыктуу кармап, Республикабызда болуп жаткан өсүшкө тийгизген жардамдардын башында Абдыганы Эркебаев болду. Кийин аны биз Ош облусуна губернатор кылып жөнөттүк. Ошол учурда биздин Республикадагы эң кубаттуу, элинин составы боюнча, территориясы боюнча дагы, мааниси боюнча дагы, ал жерде чечиле турган оор жумуштардын көптүгү боюнча дагы маанилүү болгон Ош облусун башкарып туруу, жөнөкөй маселе эмес болчу. Мамлекет жаңы эле бутуна туруп келе жаткан кез эле. Мурдагы байланыштагы союздук республикалар менен болгон карым-катнаштардын баары үзүлүп калган оор мезгил болчу. Ошол мезгилде областтын элин багып калыш керек болчу. Ал мезгилде чарбаларды кармап калыш керек эле. Ошол мезгилде эл арасындагы улут аралык чатакты ырбатпай кармап туруу – мезгилдин талабы болчу. Граждандык карама-каршылыкты күчөтүүгө жол бербей, кармоо керек эле. Себеби, 1990-жылкы окуя көз алдыбызда турган мезгил эле да. Ошол улуттар аралык мамилелерди дагы туура кармап берүүгө көрөгөчтүк менен эч кандай улуттар арасындагы карама-каршылык болбосун, чоң чатак чыгып кетпесин деп аракет кылып, элди биримдик менен алып калган да Абдыганы Эркебаевдин жетекчилик кадырбаркы, анын тазалыгы, көрөгөчтүгү менен болгон иштер эле.

– Бийлик Абдыганы Эркебаевди кызматтан алып, “Ош облусуна губернатор кылып дайындап, борбордон алыс кармап саясий сүргүнгө айдады” деген сөздөр болгон эле. Андай эмес экен да…

– Жок, андай болгон эмес. Себеби, Ош облусу же башка облус болобу губернатордун ролу, бул вице-премьер-министрдин ролунан кем эмес кызмат болчу. Вицепремьер-министрлик кызмат Республика боюнча бир тармакты тейлесе, Кыргызстан боюнча эң кубаттуу, экономикалык, саясый жагынан да Ош облусунун губернатору деген ошол облустун тагдыры, элинин жашоосу, таалайы үчүн түздөн-түз жооп бере турган киши Абдыганы Эркебаев эле. Губернатор областтын экономикасына, башка тармактарына да жооп бере турган чоң саясый фигура болчу. Билимине, илимине, мектептердин, ооруканалардын иштешине, улуттар аралык маселелерге да, эки элдин ортосундагы карымкатнаш, көз карашына да жооп бере турган эң жооптуу кызмат болчу. Облус деген эмне? Облус деген, ошол жердеги жашаган жүздөгөн, миңдеген, миллиондогон элибиздин тагдырына жаңыча мамиле кылуу деген сөз деп түшүнөм. Абдыганы Эркебаевдин бардык сапаттарын карап, Ош областына жетекчи кылып дайындоо, бул вице-премьерминистрдин ордунан кем эмес, өтө жооптуу кызмат экенин белгилеп кетким келет. Мына ушуну да белгилеп коюшум керек.

– Мыкты иштеп, башкаларга үлгү болгудай ак кызмат кылып жатса, анда Аскар Акаевич губернаторлуктан эмне үчүн алып койду? Мунун сыры кандай?

– Губернаторлуктан кетишинин сырын андай болду, мындай болду десем туура болбой калат. Себеби, биздин кадрдык саясатыбызда эгемендүүлүктөн кийинки жылдарда Президент өзүнүн бийлигинин таттуулугунун даамын биле баштаган мезгилден баштап өзүнүн ордун, креслосун сактап калып бекемдеп алган мезгилде ар түрдүү кадрдык башаламандыктар көп эле болгон. Бул чындык, аны моюнга алуу керек. Абдыганы Эркебаев Ош облусунун губернатору катары иштеп жүрүп, элге жакын болуп башкаруунун чоң мектебинен өттү. Ал жакта жүрүп, жетекчи катары кыйла өстү. Ачыгын айтканда тажрыйба топтоду деп айткым келип жатат. Ал эми губернаторлуктан кеткени боюнча Аскар Акаевич менен ортобузда сөз болбогондон кийин, бир нерсе деп айтканым туура болбой калат деп ойлойм. Бирок, ушул суроону Аскар Акаевичтин өзүнө берсең туура болоор эле…

Ал эми, Абдыганы Эркебаев губернатордон кеткенден кийин да, ал мындайча айтканда жумушсуз жөн эле отуруп калган жок. Тескерисинче, ал ошондон кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди. Ушул жерде бир нерсени айтып коеюн, Абдыганы Легендарлуу парламенттин депутаты болуп келген жигит. Болгондо да Алайдан, ЧоңАлайдан эмес Лейлек районунан депутат болуп шайланып келди. Бул деген ошол мезгилде Абдыганынын элдин арасында кадырбаркы кадимкидей турукталып, калыптанып калгандыгын көрсөтөт. Кийин, Легендарлуу парламент өзүнүн мөөнөтүн аяктап кеткенден кийин, ошол мезгилдеги туура эмес кадамдар башталып, парламентти экиге бөлүп, президенттик бийликти контролдой турган күчтөр азыраак болсун деп парламентти экиге бөлүп алсыратышты да.

– Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловдун эл арасындагы кадыр-баркы, саясий аброю көтөрүлүп кеткенден корккон башка саясый топтогулар парламентти таратууга барган деген сөздөр айтыла калып жүрөт. Мен билбеген башка да жагдайлары бар беле?

– Анда, бул сурооң боюнча тарыхтын барактарында кала берсинчи… Биз эски нерселерди чукулап отурбай, башкача жаңы барактарды ачалы деген ойдомун. Анан Абдыганы Эркебаевге чоң саясатка аралашууга мүмкүнчүлүк ачылды. Жаңы мыйзам боюнча, ошол эки палатанын бир палатасына келип, кийин ошол палатанын төрагасы болду. Бир эмес, парламенттин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы болуп эки мөөнөт иштеди. Буга окшогон мисал биздин кыргыз парламентаризминде аз кездешкен көрүнүш. Көпчүлүк убакта төрагалар бир мөөнөткө толук жетпей эле, кызматтан кетип жаткан мисалдар бар. Алардын ичинен Абдыганы Эркебаевдин Жогорку Кеңештин бир палатасынын эки мөөнөткө төрагасы болушу бул анын билиминин тереңдигин, депутаттар менен иштөө жөндөмүнүн жогорку деңгээлде экенин көрсөттү деп айтсам болот. Бутуна туруп келе жаткан Кыргыз парламентаризминин андан аркы калыптануусуна, бутуна туруп күчтөнүшүнө эмгеги чоң экенин баса белгилегим келип турат. Шериктеш мамлекеттердин парламенттеринин арасындагы кадыры, Кыргыз Республикасынын парламентин башкарган Абдыганы Эркебаевдин кадыр-баркынын жогору экендигин билдирет. Эң негизигиси, өзү башкарып турган палатанын депутаттарынын ага көрсөткөн ишеними чоң болгон. Менимче, Абдыганы Эркебаев ошол депутаттар ага берген жогорку бааны, ишенимди толугу менен аткарды деп ачык эле айта алам. Болбосо Абдыганыны деле төрага болуп турганда эле шайлап же жайлап коюу мүмкүн болчу. Демек, Абдыганыны депутаттар өздөрү сактап калган. Өздөрү ишеним көрсөткөн. Кыргыз Парламентинин туруктуу парламентаризмге өтүшүнө Абдыганы Эркебаевдин салымы жогору. Муну мен баса билгилеп айтып коеюн. Кийин Абдыганы ар кандай кызматтарда болду. Улуттук илимдер Академиясынын президенти болуп шайланды. Мен алгач таанышкан мезгилде жаш жигит, илимдин кандидаты болсо, кийин илимдин доктору болду. Бүгүнкү күндө кыргыз илимине кадыры өткөн, эмгеги сиңген белгилүү академик, Улуттук илимдер Академиясынын президенти болуп үзүрлүү, башкаларга үлгү болгудай жакшы иштеп берди. Кызмат үчүн өз абийирин, эч качан кресло үчүн жүзүн заматта өзгөртүп бирөөнү сатпаган, өзүнүн позициясы, адамдык улуу касиети бар инсан деп билем. Ошол үчүн анын башка саясатчылардан айырмаланып турган өзгөчөлүгү, ушунда турат. Өзүнүн бекем, туруктуу позициясын кайсы жерде болбосун айта алган, ачык, бекем, туруктуу позицияда тура алган адам. Мындай бекем бир позицияда тура алган саясатчы, кыргыз саясатында сейрек. Бул бийлик башында тургандарга көз каранды болуп Президент, премьерминистр же башкасынабы андай кылып койбойлубу, мындай кылып койбойлубу же антип койбойсузбу, колдоп койбойсузбу деген ой-пикирлерге аралашпаган киши. Абдыганы Эркебаев жетекчилерге жагабы, жакпайбы өзүнүн туруктуу, көпчүлүк саясатчыларда жок позициясы бар, эң негизгиси өзүнүн позициясын айтып, ошол позициясында турган киши. Мына ушул жагына келгенде бир эле эмес, башка президенттерге да жаккан жок. Ишеним менен канчалык бийик тепкичтерге барбасын, ошол жерде бийлик башында турган президент болобу же башкабы, аларга кошомат кылып, ошону менен бир кызматта калууга аракет жасаган жок. Ошол эле учурда, өзүнүн жеке кызыкчылыгын Мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон инсан эмес. Элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койбоду, көздөбөдү да деп айткым келет. Абдыганынын ишмердүүлүгүндөгү көз караштын өзгөчөлүгү, анын инсан, саясатчы катары бийиктиги мына ушунда турат.

– Жогоруда, Академия боюнча айтып өтпөдүңүзбү… Ошол мезгилде Улуттук илимдер Академиясын жоюу маселеси каралганда Абдыганы Эркебаев тикесинентик туруп Улуттук илимдер Академиясын сактап калганы боюнча илимпоздор, жөнөкөй эле адамдар да көп айтышып калышат. Ошол маселеге токтоло кетсеңиз?

– Улуттук академияны жоюп, Академия институттарын чет өлкөлөрдө, өзгөчө Европа системасы сыяктуу алдыңкы институттар жогорку окуу жайлардын калыбында институттардын же болбосо университеттердин алдында болуп, илим тармагын ошол университеттин профилине жараша илимди алып кеткен мисалдар бар. Чет мамлекеттерде ушундай система болуп келген. А бизде болсо, Советтер Союзунун убагынан баштап, чындыгын айтканда Илимдер Академиясы Россияда, Советтер Союзунун убагында түзүлгөн эле система эмес, ал Россия Империя болуп турган убагында Илимдер Академиясы болуп илим бир жерге чогулуп бир борбордон, бир жерден өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүү жеңил экен деп тарыхта тастыкталып, тарыхта акталып келген система катары өзүн көрсөтө алган. Ал эми илим деген эмне экенин, Илимдер Академиясы эмне экендигин туура түшүнбөгөн айрым жетекчилер баягы “чапаевчесинен” эле кылычты булгалап коюп эле, кийин чече берген болбойт. Илим деген оңой нерсе эмес. Өтө оор нерсе. Эгерде Абдыганы Эркебаев өзүнүн ордун сактап калуу же бийликке жагынуу менен алардын көз карандысында болуп жүрө берейин деген ою болгондо, Илимдер Академиясын жок кылып жиберүүгө ал ынтызар болуп калганда эле жок болот болчу. Себеби, Илимдер Академиясынын жасап жаткан иштерин гана эмес, аны түшүнбөй, баалабай, Илимдери Академиясынын базасына, анын имараттарына кызыккандар көп болду. Илимдер Академиясынын материалдык базасы көп. Булардын материалдары Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчтарында бар. Ысык-Көл, Ошто бар. Борбор калаабыздын канча жерлеринде турат. Ошол базанын участкаларынын базасын алып талкалап үй, особняк салып, бирөөнүн чөнтөгүн толтуруу – бул деген кыргыз элин таптакыр жок кылуу деген сөз. Себеби, биздин жогорку окуу жайларыбыз, биздин университеттерибиз өзүнүн окуу тармагын, окуу системасын жөндөп алып кете албай жаткан мезгилде кайсы илимди алып кете алат? Ошону менен “илим өлдү” деген сөз болот эле да. Кана, биздин университеттерибиздин ичинен эң алдыңкы өнүккөн илимдин бир тармагын жөндөп, бир тармагын алып бара жаткан бир университет жок да. Эгерде биз университеттерди Европанын системасы сыяктуу деген ойдо болсок, анда адегенде ошол университеттердеги илимди бутуна тургузуп алалык. Адегенде базасын түзүп алсак болмок эле… Андан кийин 10 жылдап, мүмкүн 50 жылдап акырындап бутуна тургузуп алалы. Буга эч качан шашканга болбойт. Себеби, кыйынчылыктар менен түптөлгөн Улуттук Илимдер Академиясын биз бир күндө талкалап, андан айрылып калышыбыз мүмкүн. Бул – Академия 1954-жылы СССР убагында түзүлгөн. Түзүлгөндүгүнө 70 жыл болуп жатат. 70 жылдын ичинде бутуна турган Академиябызды жоюп салуу тарыхый катачылык болот эле. Биз мына ушуну унутпашыбыз керек. Буга чейин да Академиянын жоюлушуна массалык маалымат каражаттары аркылуу да каршы чыккам.

– Абдыганы Эркебаев Легендарлуу парламентте депутат болуп жүргөн кезин өз сөзүңүздө айтып кеттиңиз. Депутат катары ошол мезгилде кандай маселелерди көтөргөнүнө токтоло кетсеңиз. Эсиңизде барбы?

– Легендарлуу парламентте иштеген мезгили, тарыхта өтө сейрек кездеше турган мезгил, доор болду. Андан бери доор өзгөрдү. Система өзгөрдү. Дүйнөдө капиталисттик система жана социалисттик система болгон болсо, ал системанын бири – социалисттик система урап жаткан мезгил болду. Анын баарына кыргыз эли өзү да күбө болду. Мына ошол система урап жаткан, экономика кыйрап жаткан мезгилде, мамлекеттер аралык карым-катнаштар үзүлүп жаткан мезгил болгон. Биз өзүбүздүн жаңы мамлекетибизди жаңыдан түзүп, жаңы коомго алгачкы кадамды таштап жаткан мезгилибизде, жаш мамлекетти тезирээк бутуна тургузуп кетүүгө аракет кылдык. Мындай нерселер, бир же эки адамдын же Президенттин эмес, Өкмөттүн эмес, Жогорку Кеңеш эмес, бийлик бутактарынын баары иштеген кызматкерлердин бир багытта, бир тилеги менен мамлекетибизди бутуна тургузуп алалы деген ой менен иштедик. Бир пикир менен иштеген команданын бир багыттагы пикири, салымы болчу. Мындай жерде ар бир кишинин салымы бар болчу. Мына ошол мезгилдеги күчтүү депутаттардын арасынан Абдыганы Эркебаевдин да ролу өтө жогору болду. Кайсы гана мыйзамды кабыл албайлы, өтө активдүү катышып жүргөндөрдүн сап башында болду. Компартиянын идеологиясынын секретары болуп, гезит-журналдар, жалпы массалык-маалымат каражаттары менен тыгыз иштешип калган киши катары туура түшүнчүмүн. Себеби, массалык-маалымат каражаттарынын ролу өтө жогору болгон. Ошол урап калган СССРдин пайдубалынын негизинде түзүлгөн 15 республиканын ичинде биринчилерден болуп, басма сөз жөнүндө мыйзамды кабыл алган Кыргыз парламенти болгонун эске салгым келип турат. Россиянын парламентинин төрагасы Руслан Хазбулатов мага кайрылып “силер басма сөз тууралуу мыйзам кабыл алыпсыңар, бизге да кайрылышкыла” деп суранган эле. Ооба, басма сөз эркиндиги, басма сөздүн ролу, талаптары, алардын тарыхый миссиясы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган биздин Легендарлуу Парламент болгон. Чындыгында көп эле мыйзамдар боюнча Кыргыз парламентинин тарыхта ролу өтө жогору болгон. Башка республикалар эле эмес, ошол эле Россия парламентинин жетекчиси болгон Руслан Имранович өзү “силерден үйрөнчү болдук” деген сөзү бар. Канчалаган мыйзамдар кабыл алынган, ошолордун ичинен эң негизгилеринин бирин айтканда, 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн жаңы Конституциясын кабыл алууда, талкуусунда да Абдыганы Эркебаевдин ролу өтө жогору.

– Сиз дагы, Кыргыз парламентинин алгачкы төрагасы болуп турдуңуз. Ошол эле Абдыганы Эркебаевдин Кыргыз парламентинин төрагаларынын ичинен саясый салмагы, рейтинги кандай болду деп ойлойсуз?

– Менимче, мен билген 32, 33 жылдын ичинде 27 төрага иштеген болсо, акыркы 5 жылдын ичинде 10 төрага кошулуп кетти. Анан алардын ичинде 1 күн, 5 күн төрага болгондору да бар. Эми ал ошол учурга жараша, Республикада болуп жаткан саясий кырдаал жана саясий окуяларга байланыштуу болду. Ал эми ошол төрагалардын ичинде эки жолу Парламентти башкарган Абдыганынын парламенттеги орду өзгөчө. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейинки 27 төраганын ичинде Абдыганы Эркебаевдин төрагалык аткарган милдети жогору болду. Эки жолу катары менен төрага болгон көрүнүш кыргыз саясатында, парламентте өтө сейрек көрүнүш. Бир сөз менен айтканда, Абдыганы Эркебаевди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгилиндеги парламентинин төрагаларынын ичинен өзгөчө деп баалап кетким келет. Ошол эле учурда Кыргыз өкмөтүнүн бутуна турушуна кошкон салымы баа жеткис. Бул Кыргыз парламентинде дагы, кыргыз саясатында да кала турган окуя.

– Мен Абдыганы Эркебаевден бир жолу интервью алып отурганымда ал “Генерал Асанкулов Москвада экенинде өзүнүн ишенимдүү кишилерин жөнөтүп, “Президенттик шайлоо келе жатат. Кандидатураңды кой, сен саясатчы катары жетилдиң, эң башкысы баскан жолуң таза. Коррупцияга аралаштыгың жок…” дегенде, материалдык жактан каражатым жок деп койгом“ деген эле. Эгер ошол мезгилде саясаттагы салмагы менен Президент болуп калганда, Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн эле?

– Өткөн өттү, кеткен кетти, эми артка кайталанбай турган нерсе… Бирок, мен башканы айтам. Абдыганы өзүнө ишеним көрсөткөн элинин алдында кызматынын баарын өтө так, жакшы аткарды. Ал кайсы жагынан болбосун, кайсы гана жетекчилик кызматтарда турбасын, эгерде эл тарабынан ишеним көрсөтүлгөн болсо, бардык кызматты аткарып кетүүгө тажрыйбасы болгон, азыр да бар. Ал кезинде Кыргыз Республикасынын улуттар аралык Ассамблеясын да башкарып турду. Ошол Кыргыз Ассамблеясынын диаспораларынын жетекчилеринин баарынын Абдыганы Эркебаевге болгон сый мамилеси, ишеними анын деңгээлинин жогорулугунда экенин диаспоралардын жетекчилери мага айтып жүрөт.

– Азыркы бийликте турган жетекчилерибиз деле Абдыганы Эркебаевдей тажрыйбалуу, кыргыз саясатында мындай сейрек кездешкен таза, билимдүү инсандарды өз командасына тартып, чогуу иштешсе болот беле? Буга кандай карайсыз?

– Абдыганы Эркебаев көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер, илимпоз, саясатчы, академик катары коомдук орду, потенциалы өтө бийик кадр. Азыр ал 70 жашка чыкты. Бул жашта адам калыптанып, акылга толуп, элди башкарып жетектөөдө бай тажрыйбага ээ болуп калган учуру болот эмеспи. Эл үчүн кызмат деген эмне экендигин, Мамлекетти сактоо деген эмне экендигин китептен окуп эмес, аткаруу кызматтарында жүрүп, болгондо да чет мамлекеттер менен салыштырып тажрыйба топтогон, такшалган кишилердин бири, кыргыз кадрларынын алтын фондуна кирген инсандардын бири Абдыганы Эркебаев деп ачык эле айтсам, мен жаңылышпаган болот элем. Анын Кыргыз Ассамблеясындагы төрагалык мөөнөтү бүткөндөн кийин, анын саясий көшөгөсү да жабылды деген туура эмес. Тескерисинче, анын иштей турган иштери, жасай турган эмгеги, Мамлекетти чыңдоо боюнча мындан ары да жүргүзө турган улуу иштери али алдыда деп эсептеймин. Себеби, Абдыганы Эркебаев өңдүү илимдүү, тажрыйбалуу, адамгерчилик чоң касиети, эң башкысы Мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи койгон патриоттуулук сезими бийик адамдар эч убакта унуткарылбайт. Абдыганы Эркебаев Кыргыз эли, Кыргыз мамлекети үчүн шымалана, билек түрүнүп, ак эмгеги менен дагы деле иштеп бере турган улуу инсан деп билем. Анын оозунда сөзү, жазса колунда калеми, элге бере турган акылмандыгы менен ойпикири бар инсан. “Мамлекетти кантип сактап калуу керек?” деген эл аралык тажрыйбасы бар адам. Эң башкысы, ал кыргыздын ким экендигин билет. Академик, көрүнүктүү саясый ишмер Абдыганы Эркебаев үчүн Кыргыз мамлекетинин келечек тагдыры, баарынан биринчи орунда турат. Мен бул сөздөрдү Абдыганы Эркебаевди көптөгөн жылдардан бери жакын билген киши, үзөңгүлөшү, замандашы, пикирлеши катары айтып жатам.

Маекти алган Бекен НАЗАРАЛИЕВ
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну

Пример HTML-страницы