“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин жетекчилиги ушул жылдын июнь айында Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучу мамлекеттеринин саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын «Жэньминь жибао» гезити менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койгону маалым. Ушул айдын башында дүйнөнүн 76 өлкөсүнөн 205 ММКнын, Кытай бийлигинин жетекчилеринин, ири компанияларынын, банктарынын өкүлдөрү катышкан «Жалпы өнүгүү үчүн медиа кызматташтыкты бекемдөө» аттуу ири форумунда “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору Наралы Асанбаев атайын доклад менен чыгып, учурдагы медиа кызматташтыктын актуалдуулугу тууралуу мазмундуу сөз сүйлөдү. Н.Асанбаев «Жэньминь жибао» гезитинин башкы редактору Юй Шаолян менен жолугушуп, маалыматтык кызматташуу боюнча пикир алышты. Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, достук мамилелерди чыңдаган алаканы күчөтүүгө даяр экенин билдиришти. Эскерте кетсек, күн сайын чыгуучу «Жэньминь жибао» гезити Кытайдагы эң таасирдүү басылма болуп эсептелет. Дүйнөнүн ондон ашык тилинде жарык көрүп, ар кайсы өлкөлөрүндө жана аймактарында миңден ашык журналисттер эмгектенишет.