"Эркин-Тоо"

Медицина илимдеринин доктору Жаркынбек Касымбеков: “Эл колдоп турса кызмат кылуудан чарчабайм”

Алгач карьерасын катардагы дарыгерликтен баштаган Жаркынбек Касымбеков борбордогу №64 орто мектепти алтын медаль, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, 31 жашында медицина илимдеринин кандидаты болуп, айрымдарды таңданткан жайы бар. Карапайым дарыгерден тарта тармакта ийгиликтүү жетекчи катары жолду басып, министрдин орун басары, бир канча ай министрдин милдетин аткаруучу да болгонго жетишкен медицина илимдеринин доктору менен тармактагы абал жана өзүнүн кызыктуу саясий тагдыры жөнүндө баарлаштык.

— Жаркынбек Орозбекович, саламаттыкты сактоо министринин орун басары кезиңизде бир канча ай министрдин милдетин да аткаруучу болуп турдуңуз. Бир мезгилде министрдин милдетин аткаруучулуктан гана эмес, орун басарлыктан да кетишиңиз көпчүлүккө табышмак болгон жайы бар. Алгач ушул жагын ачыктап берип койбойсузбу?

— Бул жагында ашынган саясат деле жок. Менин кызматтан кетишим өкмөттөгү кадыресе ички көрүнүш. Бизде тармак башына келген жетекчи ким болбосун системага өзүнүн командасы менен келип иштегенге аракетин кылат. Менин кызматтан кетишим деле ушундай мүнөздө болгон. Тагыраагы, ошол кездеги Гүлнара Баатырова биздин тармактын башына келген соң, Президенттин Жарлыгы менен ачылган министрликтин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтун жетектөөнү сунуш кылган. Мен министрдин сунушун түшүнүү менен кабыл алып, учурда иштеп жатам.

— Өзүңүз жетекчилик кылган Улуттук институт жөнүндө азын оолак маалымат бере кетсеңиз? 

— Биздин институттун 85 жылдык бай тарыхы бар, мамлекетибиздин медицинасынын эң биринчи илимий мекемеси. Азыркы медициналык академия, илимий борбор, институттарынын дээрлик көпчүлүгүнүн уюткусу десем жаңылышпаймын. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугу ооруларды алдын алуу, профилактикалык чаралардын деңгээлине көз каранды. Профилактикага кеткен 1 сом, мамлекеттин капчыгын 7 сомдон 12 сомго чейин үнөмдөйт. Ушул иш-чаралардын илимий негиздемелерин, усулдук жолдорун иштеп чыгуу, практикалык сунуштарды киргизүү биздин милдет. Институтубузда 93 адам иштейт. Дараметин арттырып, жаңы кадрларды даярдап, материалдык-техникалык шартын жакшыртуу, мамлекетибиз күткөн үмүттөрдү актоо – биздин башкы максатыбыз.

— Соңку жылдары өлкөбүздүн медициналык окуу жайларына чет элден, айрыкча, Пакистан, Индиядан келген студенттердин катары көбөйүүдө. Мындай көрүнүштүн оң-терс жактарын кандай баамдайт элеңиз? Бизде чын эле чет элдиктер самагандай билимдин сапаты жогорубу?

Биз мындан эч коркпошубуз керек. Туура мамиле кылса, бюджетти толтуруунун жакшы булагы да болмок. 1 чет элдик студент бир жылда кеминде окуу акысы, батири, жүргөн-турганы, тамагы болуп отуруп 7-8 миң доллар сарптайт. Алар төлөгөн каражатка окуу жай материалдык базасын бекемдеп, курулуштар жүрүп атат, маяналар берилип, салыктар төлөнөт. Азыр Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик студенттер болсо, 140-160 млн доллар түшүп атат. Бул потенциалды 1 млрд долларга чейин көтөрсөк болот. Биздин окутуучулардын курамынын деңгээли деле жаман эмес. Коомубуз салыштырмалуу лоялдуу, мыйзамдарыбыз либералдуу, ошондуктан бизге тартылып атышат. Ушул процессти бузбай, тескерисинче шарт түзүп, керек болсо медицина билиминин экспорттоо хабы кылсак болот. Бул жагынан Грузиянын тажрыйбасы үлгү боло алат. Аларда студенттердин саны 100 миңден ашык. Бирок биздикинен чыгымдары кымбат.

— Жакында медицина тармагы боюнча төбө чачты тик тургузган статистикалык маалыматтар жарыяланды. Тагыраагы, аты жаман эхинококкоз менен альвеококкоз ылаңынан жабыркагандар тездик менен көбөйүп, мунун арты менен жаштар арасында өлүмдүн саны да өскөнү маалым болду. Биз мындай ылаңды дарылабай, алдын алсак болот беле?

— Мындай жагымсыз көрүнүш жалаң эле бир беткей медицинага тиешелүү эмес, ветеринарияга да мүнөздүү экенин эсибизден чыгарбасак жакшы болмок. Биз айтылуу советтер союзун канчалык жээригенибиз менен ал системанын жакшы жактарын азыр да алышыбыз керек болчу. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда малдын саны көбөйдү. Керек болсо төрт түлүктүн туягынын саны союздун дүркүрөп турган убагынан да өстү. Мунун арты менен жайыттардын бузулушу — эрозиясы күчөп, малдын туягын көтөрө албай калды. Малдын саламаттыгына ветеринардык көзөмөлдүн жоктугунан улам сен атаган эхинококкоз, альвеококкоз баштаган түрдүү ылаңдар күч алып, натыйжасы адамдарга жугууда. Ошондуктан, мындай дарттардын алдын-алалы десек мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба министрликтеринин ортосундагы ведомстволор аралык чоң масштабтагы иш-чаралар тез арада жүрбөсө абал мындан да оорлошо берет. Өзгөчө малга, ээсиз иттерге жер-жерлеринде чара көрбөсө болбойт. Биз учурда ооруларды гана дарылап, кесепети менен гана күрөшүп жатабыз. Мунун түпкүлүгү колдогу малдын убагында эмделбей, базарларда оорулу малдын эти сатылып, көчөдө ээсиз иттердин көбөйүп, көзөмөлдүн болбой жаткандыгында болууда.

— Мен билгенден сиз Бишкек шаардык кеңешине 2 ирет, Жогорку Кеңешке 2 ирет депутаттыкка талапкер катары талпынып көрдүңүз. Кезегинде Коомдук палатанын активдүү мүчөсү, саясий процесстерге активдүү катышып, алтургай Чүй районунун акими да болгон жайыңыз бар. Муну сураганым, коомдук-саясий иштер менен алпурушуп жүргөн саясатчынын илимий иш жактоого кантип убактысы болду экен? 

— 2004-жылы 31 жашымда илимдеги кандидаттык ишимди жактадым. Ал эми докторлук ишим менен 11 жыл алпурушуп жүрүп 48 жашымда коргодум. Мен кесиптик ишимди кайсы кызмат же кай жерде жүрбөйүн эч качан таштаган эмесмин жана мындан ары деле таштабайм. Ал эми коомдук, саясий иштерге Кыргызстандын жараны, өлкөбүздүн эртеңине кайдыгер карабаган инсан катары кыйыр жана түз түрдө жарандык позициям менен катышып турдум. Дагы айтам, мен кесиптик ишмердүүлүгүмдү, өзгөчө андагы илимий ишимди бир күн дагы токтотуп койгон адамдардан эмесмин. Жетекчи болгон жылдары кечкисин жумуштан кийин жана дем алыш күндөрү сөзсүз илимий иштерим менен алпурушуп жүрдүм. Илимий макалаларымды жазганды токтоткон эмесмин. Азыр дүйнө, анын ичинде медицина да күн сайын өзгөрүп, өнүгүп жаткан учур. Мен андай жаңыланып турган процесстерден эч качан артта калгым келбейт.

— Саясий карьераңызды жыйынтыктап койбосоңуз керек. Келечекте саясатка кайтып, депутаттык жарышка түшүп, арылатканда буйрук болсо кайрадан саламаттыкты сактоо системасынын жетекчилеринин бири болгонго амбицияңыз бар да, туурабы?

— Өзүң жакшы байкайт турбайсыңбы, шайлоого бир канча ирет катышып, талапкер болдум. Депутаттык мандат азырынча буйрубаптыр, эми калганы убакыттын иши. Бардыгы Жараткандын буйругуна жараша болот тура. Шарт туура келип, эң оболу Жараткандын буйругу жана элибиздин колдоосу болсо албетте, кызмат кылыштан чарчабайбыз. Буга чейинки алган билимимди, тажрыйбамды элибиздин эртеңки жаркын келечеги үчүн арноонун өзү жигитке таандык мүнөз го деп ойлойм.

 

 

 

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№96 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 5-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!