КРнын Баатыры, академик Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун ашказан жана 12 эли ичеги хирургия бөлүмүнүн башчысы, Медицина илимдеринин кандидаты, доцент Болот Иманов Орто Азияда алгачкылардан болуп адамдын эндокриндик органы болуп эсептелген уйку безине (чирип бараткан) ачык түрдөгү операция жасоо ыкмасын киргизген. Ийгиликтүү кабыл алынган ыкманын натыйжасында оорулуулар арасындагы өлүм кескин түрдө азайган. Оор абалда келген бейтаптарга жан дили менен жардам берген белгилүү хирург Болот Иманов менен уйку безинин бир мезгилдеги көйгөйлөрү, кийинки жетишкендиктери тууралуу маек курдук.
– Болот Максутович, адамдар арасындагы уйку без боюнча жаралган оор көйгөйдү кантип чечтиңиздер?
– 1990-жылдардан кийин адамдын уйку безиндеги оору күчөп, чирип кетип каза болгон бейтаптар абдан көп болгон. Эски ыкма боюнча оорулуунун уйку безин ачып, түтүкчөлөрдү коюп, кайра жаап койчубуз. Башка жолу жок эле. Канчалык аракет кылсак да көпчүлүгү жакшы боло албай, дарты күчөп, кан кетип, оорулуу адамдардын 85%ы каза болуп калышчу.
Ошол мезгилде адамдар арасында оорунун бир түрү күчөп, абдан көйгөй жаратып, өлүмгө дуушар болгондордун саны көп болуп жатканы Мамбет Мамакеевичти абдан тынчсыздандырган. Ага карата конкреттүү чара көрүү максатында бир эле уйку бези эмес ичеги, ашказан, боор, өт ооруларынын пайда болуу себептерин терең изилдеп, айыктыруу жолдорун таап, аягына чыгаруу боюнча академик ар бир дарыгерге тапшырма берип, милдеттендирип, “сен ушул орган боюнча эмне маселе болсо да жооп бересиң” деп хирург-дарыгерге жоопкерчилигин жүктөп койчу.
Күн сайын эртең мененки беш мүнөттүк чогулуштардын биринде уйку бездин оорусун изилдөө, дарылоонун башка ыкмаларын табуу боюнча учурдун татаал көйгөйүн чечүү маселеси мага жүктөлдү. Чоң милдетти артынып, бул иштин артынан түшүп Москвада, Санкт-Петербургда, Алматыда, Ташкентте болуп, баш аягы биригип 5 жылдай эмгегимди жана убактымды ушул ишке арнадым. Санкт-Петербургда изилдөө иштеримди жүргүзүп, операциядан кийин уйку бездин туш жагын жаппай (тикпей), ачык бойдон калтыруу ыкмасын изилдеп чыктым. Бул ыкма боюнча окуу китептерим да жарыкка чыкты. Дарыгерлердин конференциясында өзүмдүн ачкан ыкмамды жарыя кылдым. 1999-жылы курч сезгенүүнүн жаңы ыкмалары боюнча илимий кандидаттык диссертациямды ийгиликтүү жактадым.
– Ачык ыкма менен дарылоонун натыйжасы иш жүзүндө кандай болду?
– Күнбү-түнбү, дем алышпы, майрам күндөрү болобу бул ыкма менен нечендеген операцияларды жасап, канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калдым. Эсимде, биринчи жолу Селезнев деген орус улутундагы кишиге жасалган операциям ийгиликтүү болгон. Эртеси күнү жараатын таңганда ачык жерден уйку бездин ириңин жууп, тазалап, оору өөрчүп баратабы, токтодубу, кыскасы уйку безинин ал абалын ачык жерден көрүп турдук. Баары ойдогудай, эң сонун болду. Бул ыкманы Мамбет Мамакеев абдан жактырып колдоду. Мага ыраазы болду жана ошол эле учурда бул ишти токтотпой, тереңдетип дагы өркүндөтө беришим керектигин айтты.
Натыйжада бул оору күч алган мезгил 1994-жылдарга туура келсе, ага салыштырмалуу 5 жылдан кийин уйку без оорулары боюнча адамдар арасындагы өлүм 85%дан 18%га чейин кыскарган. Ошентип, ачык ыкма менен операция биринчи жолу Кыргызстанда жасалды. Бизде эле эмес, Орто Азияда болгон эмес. Азыр бул ыкманы республика боюнча бардык хирургдар колдонот. Ошондой эле биздин Медакадемиядагы окуу процессинде окутулат. Бардык аймактарга барып лекция окуп, семинарларды өткөрүп турам. Өзүмдүн дасыккан окуучуларым бар.
– Ошондо уйку безинен оор абалда келгендер сизге кайрылса, куландан соо айыгып кетет турбайбы. Адамдын организминде уйку бези кандай кызматты аткараарын да кыскача айта кетсеңиз.
– Оорулуулар ар кандай абалда келишет, анын жаш өзгөчөлүгү абдан маанилүү. Уйку безинен сырткары башка дагы боор, жүрөк, инсульт сыяктуу кошумча оорулары болуп калып адам кайтыш болуп кетпесе, азыркы ыкма менен уйку безин толук айыктырса болот.
Уйку бези организмге эң керектүү орган. Организмдеги кантты жөнгө салып, инсулинди иштеп чыгып, аны канга жиберип турат. Уйку бези: башы, ортосу, куйрук жагы болуп 3 бөлүктөн турат. Анын түзүлүшү анар жер жемиши сыяктуу. Өзүнүн кабыгы, каналдары болот. Уйку безинин эки каналынан суюктук чогулуп келип 12 эли ичегиге куят. Ал ички жана сырткы болуп, эки кызматты аткарат. Ички функциясы – өзүнөн гормон бөлүп чыгарат. Сырткы кызматына, уйку бездин ширеси 12 эли ичегиге куюлат. Майлуу тамак-аштарды эриткенге жардам берет. Оорулуу уйку бездин чириген жерлерин алгандан кийин каналдар ачылып, маңызы, ширеси чыга баштайт. Ал туз кислотасына терс таасирин берет. Оору өтүшүп кеткен учурда кан кетип ашказанга, баш жагындагы 12 эли ичегиге, ылдый жагындагы жоон ичегиге зыянын тийгизет. Мындайча айтканда, тегерегиндеги органдарды жеп баштайт. Куйрук жагынан болсо, көк боорду жабыркатат. Ушундай абалга жеткен оорулууну дагы азыр мен айтып жаткан ыкма менен толук айыктырууга болот. Мурда болсо мындай оорулуулар операцияга жетпей каза болуп калышчу.
– Ачык ыкма дегениңизди тереңирээк түшүндүрүп бересизби?
– Ачык ыкма (Открытый способ лечения) дегенибиз операция учурунда 12-15 см толук кесилип ачылгандан кийин жууп тазалайбыз. Бүткөндөн кийин уйку бездин тушун тикпей 7-8 см ачык коёбуз. Уйку безден сезгенүү суюктугу абдан көп бөлүнүп чыгат. Операция учурунда суюктук сыртка агып чыксын деп 12дей дренаж түтүкчөлөрүн коёбуз. Суюктук тура берсе, ал организмге зыян. Канчалык тез тазаланса, ошончолук жакшы. Операциядан кийин ачык жерден уйку безди күн сайын карап, жууп, тазалап турабыз. Аягына чейин тазаланып бүткөндөн кийин, ачык жер өзүнөн өзү айыгып, бүтө баштайт. Мындай оорулуулардын жакшы болуп кеткендери бизде операциядан кийин 1-1,5 ай жатышат. Алты айга чейин жаткандар болот. Айрымдарынын түтүкчөлөрүн 3 жылга чейин тийбейбиз. Бул аралыкта жакшы болуп кетсе, ачык жер өзү бүтөлүп калат. Бир суткада 1 литрден 1,5 литрге чейин суюктук чыгып турат. Бул тамак-аштын сапатына жана көлөмүнө жараша болот. Негизи 1 же 2 жылдын ичинде бүтөлөт. Эгерде 3 жылда айыкпаса, кайрадан операция кылууга туура келет.
– Уйку без ооруганда белгилери кандай болот?
– Киндиктин өйдө жагы ооруп, арткы жакка берип, бөйрөк туштар кошо ооруйт. Катуу оорутуп, уктатпайт. Ошондуктан, уйку без деп аталып калса керек. Бирок, бул орган адамдын уйкусу менен байланышпайт, ага эч бир тиешеси жок. Уйку бези курч жана өнөкөт формасында ооруйт. Эмнеден улам ооруганынын себептери көп. Биз механикалык, инфекциялык, аллергиялык, дары каражаттарынан жана алкоголдук себептерден улам ооруганын аныктайбыз. Жалпы жонунан оорунун 2 чоң түрү бар. Өтүндө ташы бар болсо, оорунун курч түрүнө кирет. Экинчиси алиментардык же тамак-ашты туура эмес ичкенден оору пайда болот.
Оорунун алгачкы белгилери эгерде өтүндө ташы болсо, ичегилерде тоскоолдук жаралса приступ же толгоо сыяктуу оорутат. Уйку бездин оорусу басылбай такай ооруйт. Эмне кылса да басылбайт. Анан бир-эки эмес, көп жолу кусат. Аппендицит болгондо бир эле жолу кусат. Калган ооруларда 2-3 жолу кусат. А уйку без ооруганда, көп жолу кусса да, эч бир жеңилдик болбойт. Алы кетет, оозу кургайт. Жалпы жонунан ал-акыбал уламдан улам начарлай берет. Кан басым түшөт. Шок абалда болушу мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен жоон ичеги иштебей, ич көөп баштайт. Оорулуу убагында келсе жакшы. Бирок, келери менен эле биз операцияга киргизбейбиз. Азыр жакшы таасир берүүчү дары каражаттары көп. Алгач дарылоо жолу менен айыктырганга аракет кылабыз. Башка жолу калбаса, эң акырында хирургиялык жол менен кесүүгө туура келет. Операциядан кийин да оорулууну абдан жакшы кароо керек.
– Хирургдардын иш тажрыйбасында кызыктуу окуялар да көп болсо керек?
– Ооба, бизде кызыктуу окуялар көп болот. 1994-жылдары бул ыкма менен жаңы эле иштеп баштаган учурда Таластан келген 35тердеги жигиттин капкара болуп чирип кеткен балыктай уйку безин алып салдым. 2 күндөн кийин палатага котордук. Коштоп жүргөн жакын туугандары уйку безин алып салса, эми кандай болот деп М.Мамакеевге кирип сурашыптыр. Ал киши дагы уйку безисиз адам жашай албай турганын айтыптыр. Анан балабызды ушундайында чыгарып алып кете берели деп өздөрүнчө сүйлөшүп, академиктен уруксаат алышыптыр. Андан кийин мага келишти уруксат алдык дешип. Ошентип узатып койдум, кетишти. 4-5 айдан кийин бир жигиттин кирип келгени көз алдымда турат. Кимсиң десем, “Мен баягы өлөт деп чыгарып койгон жигитмин. Таласка барганда плазма куюп эле айыктырып коюшту, мына өлбөй эле жүрөм”- деди. Көрсө, уйку бездин чиригенден сырткары соо ткандары да калган экен. Операция убагында бизге көрүнгөн эмес. Уйку без толугу менен чирип кетсе, инсулин иштелип чыкпай, кандын курамындагы кант түшүп кетип адам жашай албай калат. Чиригени менен соо тыкандары калган болсо, кайра тазалана баштайт. Бул органдын кичинекей эле бөлүгү соо калса, организмге кызмат кыла берет. Негизги операцияны биз жасап бердик да. Ар бир келген оорулууга жан дилим менен жардам берем. Айыгып кетсе, кошо сүйүнөм.
– Оорубаш үчүн эмне кылуу керек?
– Адам сергек жашоо образы менен жашоо керек. Тамакты убагында аз-аздан ичкен жакшы. Өтө тоюп алуу көп ооруну пайда кылат. Мына мен канча жылдан бери иштеп жатам, ушуну белгилеп коеюн, диетаны абдан катуу кармоо туура эмес. Адам өзүн чектей бербеши керек. Эмнени жегиси келсе, ошону жей берсин. Керек болуп жаткан нерсени организм өзү сурайт, талап кылат. Бирок, өтө ашыкча тоюп жебеш керек. Күнүнө 5-6 маал бөлүп-бөлүп, аз аздан жеген туура. Уйку безине эң биринчи алкоголдук ичимдиктер, майлуу тамактар жакпайт. Айрыкча тамактан кийин муздак сууну ичкен абдан зыян. Кока кола, энергетикалык суусундуктарды ичпей эле коюш керек. Жаштардын көпчүлүгү азыр тез татым жайларынан тамактанышат. Жегендери гамбургер, сэндвич.
Мурда бул оорулар абдан аз эле. Кырк жаштан кийин пайда болчу. Азыр 15 жаштагы балдар ооруйт. Панкреатиттин синдрому менен бизге канчалаган жаштар түшүп жатат. Жыгылып кокустуктан жаракат алганда да уйку бези сезгенет.
– “Дарак бир жерден көгөрөт” дегендей бул жерде иштегениңизге канча жыл болду?
– Ушул клиниканын босогосун аттаганыма 45 жыл болду.
Мединститутта жакшы окуп, жогорулатылган стипендия алчумун. 4-курста окуп жүрүп, ушул жерге медага болуп кирдим. Ийне сайып, операцияларга кирип практика жүзүндө тажрыйба топтодум. Эки жылдык ординатураны бүткөндөн кийин кайра ушул жерге келип, биротоло ишке орноштум. Эки жыл иштегенден кийин 26 жашымда бөлүм башчы болдум.
Азыр уйку без боюнча күнбү, түнбү, майрам күн болобу, дем алыш күн болобу керек болсом, мени чакырышат, кеңеш алышат. Ички көңдөйдө эмне органдар болсо, жалпы хирург катары кызыл өңгөч, ашказан, он эки эли ичеги, ичке ичеги, жоон ичеги, проктологияга, боор илдеттерине, өтүндө ташы барларга операцияларды жасайм.
Ар бир оорулууну жакшы болуп кетсе экен деп тилейм. Жасаган операцияларым ийгиликтүү болуп, оорулуу жакшы болуп калса, ошондон ырахат алам. Негизи операция учурунда адам чыйрак, бүткөндөн кийин бошоңку абалда болуп чарчаганың сезилет. Баары жакшы болуп, маанайың беш болсо, чарчаганыңды да унутасың.
Бактыгүл КУЛАТАЕВА