Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык акысы жогорулады. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул айлык акынын жогорулашынын экинчи этабы экенин билдирди. Биринчи этапта 1-июлдан тарта өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген бир катар адистерге кошумча компенсациялар киргизилген. Бул тез жардам дарыгерлерине, жалпы хирургдарга, анестезиологдорго жана реаниматологдорго, ошондой эле педиатрларга таасирин тийгизген.
1-сентябрдан тарта медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%, орто медициналык персонал 20%, кенже тейлөөчү персонал жана тез жардам унаасынын айдоочулары 10% жогорулады.