"Эркин-Тоо"

МЕДИЦИНА ТАРМАГЫ ТУТАШ РЕФОРМАЛАНУУГА МУКТАЖ

Бишкекте 3 жашар кыздын дарыгерлердин колунда каза болгонуна бир айдан ашык убакыт өттү. Азыркыга чейин кичинекей кыздын өлүмүнүн чыныгы себеби жана дарыгердин  күнөөсү канчалык ал боюнча ачык, так жооп боло элек.  Ал арада 13-январда дагы бир кайгылуу окуя болуп,  2 жашар эркек бала дарыгерлердин көз алдында  “учуп” кетти.   Наристенин ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп,  чара көрүүнү талап кылууда. Алар баланын  эти катуу ысып, борборубуздагы шаардык балдар ооруканасына кайрылган.

Баланын атасынын айтымында балдар ооруканасынын дарыгерлери балага биринчи жардамды көргөзүшүп, башка ооруканага жиберишмек болот, бирок эмнеге экенин түшүндүрүшкөн  да эмес. Баланын  дем алуусу оор болуп кыйналып жатканына карабастан дарыгерлердин жайбаракат жана жоопкерчиликсиз  мамилесин айтып, ата нараазы болууда.  Баланын атасы телеканалдардын бирине: “Баламды кислородко отургузуп коюп  кетип калышты. Жок болуп кетишкенинен тынчым кетип, келинчегиме улам “чакырчы врачтарды” деп жаттым. Бизге “силердей 500 бала келет” дептир.  Качан балам  кыйналып,  ээгинин тегерги көгөрүп жатат деп чакыргандан кийин гана келип, “кислороддон чыгарбай отур, чыкса бала дем ала албай калат” деген врач кислородду алып таштап, жүр артыман деп  баланы көтөрүп реанимацияга алып жөнөдү. Баламды ал жакка көтөрүп кирип баратканда “пап” деп ыйлаган бойдон  кетти. Бир сааттан кийин дарыгерлер чакырып, себебин да айтпай  балаң чарчап калды дешти”, — дейт көзүнө жаш ала.  Анын айтуусу боюнча алгач врачтар баланы монета жутуп алган деп рентгенге тартып, таза чыккан экен. Ал эми башкы врач  А.Маманов  Спутник сайтына  “балага ОРВИ, ага кошумча ларинготрахея деп диагноз коюп, биринчи жардам көрсөтүлгөн”, — деп билдирген.  Башкага билбейм, мага балага диагноз коюуда да дарыгерлердин кесипкөйлүгү аксагандай сезилет.  Ата-энесинин  айтымында бала 2 жашка чейин эч оорубай оорукана дегенди билбей чоңойгон, өтө активдүү,  секирип ойноп, басса да чуркап баскан,   тынчы жок бала болгон экен.

Азыркы учурда  наристенин өлүмүнүн себеби изилденүүдө.  Өкүнүчтүүсү андан мурда чарчап калган 3 жашар кыз да, 2 жашар бала да дарыгерлердин көз алдында чарчап калып жатпайбы.  Эки окуяда тең дарыгерлердин иш-аракетинде түшүнүксүз жагдайлар бар. Мисалы, эмне үчүн “балаңар присмерти келген” деген врачтар эки саатча  баланы кабыл алуу бөлүмүндө “тез жардамды”  күтүп,  кармап отурушкан? Ушул жерде “тез жардам” кызматынын иши да түшүнүксүз. Баланын энесинин айтымында үйүнө “тез жардам” чакырса да бир сааттан кийин барат  дешкенинен алар такси чакырып ооруканага келишкен. Же болбосо Медакадемиянын Медициналык борборунда чарчап калган кызга ата-энеси менен макулдашылган наркоздон башка наркоз берилиши анестезиологдун компетентсиздигиби же адистик жоопкерчиликсиздигиби?  Дегеле анезтезиолог кандай наркоз берүүнү өз алдынча чече алабы?  “Врачтар “Севоран” наркозу эч зыянсыз деп ишендиришкен, бирок мен көрдүм ага башка наркоз беришиптир”,- дейт наристенин атасы.  Эмне болгон күндө да трагедиялуу факт: 3 жашар көчөт кыз тишин тазалатам деп барып, өмүрү кыйылып калды… Бул кичинекей кызды алгач көргөзүп, кеңеш алып келген  “Денто макс” же башка майда менчик клиникада эмес,  көзгө басар Медакадемиянын  Медборборунда болуп жатат…  Министрдин кеңешчиси, бул окуя боюнча түзүлгөн комиссиянын төрагасы Мавланбай уулу Ренат комиссия  баарын иликтеп, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бергенин айтты. Ошондой эле 2 жашар баланын өлүмү боюнча да укук коргоо органдары иликтөөнүн жыйынтыгы менен өз баасын берет деп ишенебиз.

Албетте, эки наристенин өлүмү боюнча азыр дарыгерлерди бир жактуу күнөөлөөгө болбойт.  Бирок бул окуялар ага байланышы бар дарыгерлердин компетенттүүлүгүнө шек жаратып койду. Ансыз да коомчулукта ак халатчандардын адистик деңгээлине, даярдыгына жана жоопкерчиликсиз мамилесине карата сын пикирлер басымдуулук кылат. Эгемендик жылдарында “пачкелеп” дарыгерлерди окутуп, бирок окутуунун сапатына, дарыгерлердин билим деңгээлине көңүл бурулбай келгени чындык. Натыйжада мына ошол чала сабат дарыгерлердин айынан жалпы медицина тармагына көө жабылууда.

Дарыгерлерди даярдоо бизнеске айланбашы керек

Учурда жеке менчик клинкалар, адамдын дартын аныктоочу лабораториялар ченемсиз көбөйдү. Алар билими жеткиликтүү,  жогору квалификациялуу медициналык адистер менен камсыздалганбы, маселе мына ушунда.  Акыркы мезгилде медициналык кадрларды даярдоо бизде бизнеске айланып калганы жашыруун эмес. Мурда биздин Мединститут мыкты адис дарыгерлерди даярдоо жагынан союзга аты чыккан окуу жайы болгон.  Азыр болсо чет элдиктердин контракт акысына кызыккан   биздеги  көпчүлүк ЖОЖдор профили туура келсе, келбесе деле дарыгерлерди даярдоо факультетин ачып,  окутуп жатышат.  Мисалы, И.Арабаев атындагы  мамлекеттик университетте 2023-жылы эле медициналык факультети ачылыптыр. Бул жалгыз мисал эмес. Жаңылбасам министр А.Бейшеналиев биринчи жолку министрлик кызматында  24 медициналык окуу жайынын 17син жабууга чамынып жаткандай болгон. Бирок жабылбай эле минтип ачылып жатканы кызык.

А эмне үчүн баары эле дарыгерлерди даярдагысы келет?  Себеби,  окуу акысын жогору төлөгөн чет өлкөлүк  студенттер негизинен  медициналык окуу жайларга гана келишет. Балким ошолорго  үмүт артып жатышкандыр. Болбосо башка кандай себеп болушу мүмкүн? Мурда биз чет элге барып, медицина окуп келсек, азыр негизинен Пакистан, Индия, Бангладеш жана Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу кошуна өлкөлөрдөн келип бизден билим алышууда.  Алыскы чет элдиктерди бул жакка  тарткан биринчи себеп алардагы орто оокаттуулар үчүн биздеги окуу чыгымы  арзан жана жеткиликтүү. Мындан тышкары угушубузга караганда айрымдары бир аз  окуп, Европа же башка өлкөлөргө биз аркылуу которулуп кетүүнү көздөшөт сыяктанат.  Кыскасы,  алар деле  медициналык билим берүүнүн сапатына  куштар болуп келип жаткан жери жок.  2020-жылы Пакистан биздин медициналык жогорку окуу жайларын “кара тизмеге” киргизген. Себеби, бизден окуп барган пакистандык студенттердин 90%ы  өз өлкөсүндө медкомиссиянын сынагынан өтө алышкан эмес. Бирок кайра сүйлөшүүлөрдөн кийин бир нече ЖОЖ “кара тизмеден” чыгарылган эле. Жакында эле саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевдин  пакистандык коллегасы менен жолугушуусунда бул маселе кайра көтөрүлүп, бизден бүтүп барган студенттер өз өлкөсүндө мамлекеттик аттестациядан өтө албай жатышканын айткан.  Бирок ошол келген чет элдик студенттердин баары эле медициналык билим алууга жетиштүү даярдыгы бар,  окууга жөндөмдүү абитуриенттер экенине деле шегим бар.    Арийне, биздин дарыгерлер алардан артык билимдүү деп айткыбыз келсе да кашайып жогорудагы кайгылуу окуялар айттырбай жатпайбы… ал эми мындай окуялар бул эле эмес, буга чейин да болуп келген.

Албетте, медициналык кадрларды даярдоонун саны, жеке менчик клинкалардын жана лабораториялардын көбөйүшү медицина тармагынын өнүгүүсүн көрсөтпөйт. Алар биринчи кезекте билимдүү, заманбап  медициналык кадрлар менен камсыз болушу керек. Жакында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинини жыйынында  Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтикалык ишмердикти лицензиялоо секторунун башкы адиси Аман Осмоновдун айтуусу боюнча  бизде иштеп жаткан 626 жеке менчик клиникаларды текшерүү учурунда 216сынын медициналык ишмердик жүргүзүүгө лицензиясы жок болуп чыккан. 332сине санитардык эскертүү берилген. Алар эми талапка ылайык маселелерин чечкенге чейин жабылууга тийиш. 251ине  жалпы 1,5 млн сомдук айып салынган.  Бул Бишкек жана Чүй облусу боюнча маалымат. Ушул маалыматтардын өзү эле медицина тармагындагы абалды  “сайрап”  айтып тургансыйт. Ошондой эле жеке менчик лабораториялардын иши да көңүлдөн тыш болбошу керек. Депутат Максат Сарбагышев  жеке менчик лабораториялардын анализ жыйынтыктары башка, мамлекеттик лабораториялардыкы башка чыгып, айырмалар болуп жатканынан мисал келтирди. Министрдин кеңешчиси Мавланбай уулу Ренаттын айтуусу боюнча жеке клиникаларды текшерип бүткөндөн кийин министрликте жеке менчик лабораторияларды да текшерүү пландалып жатат.  Биз иштетип туруп анан текшербей,  талапка дал келбегендерди башынан эле иштетпегенге качан өтөбүз?  Жогорудагы жеке менчик клиникаларды текшерүүнүн статистикасы жакшы нерседен кабар бербейт.

Медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн биринчи кезекте кадрларды даярдоону тартипке салуу керек. Медициналык ЖОЖдорго студенттерди кабыл алууда дээринде чындап дарыгер болом дегендер гана окугандай шарт түзүшүбүз керек. Медакадемиянын студенттеринин 85%ы келишимдик негизде окуйт. Бюджеттик негизде окуган 15%ы   ЖРТдан жогору балл алгандар.  Ал эми контракттык бөлүмгө ЖРТдан босого баллдан  (110 баллдан жогору) өткөндөр жана профилдик предметтен тиешелүү балл алгандар кабыл алынат. Медициналык менчик окуу жайларда деле кабыл алуу тартиби ушундай. Менчигинин түрүнө карабай медициналык окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууга катуу талап киргизүү зарыл. Ошондой эле көрүнгөн ЖОЖго медициналык факультет ача бербей, окутуунун, кадр даярдоонун  сапатына басым жасалууга тийиш.   Депутат Дастан Бекешевдин  парламент жыйынында: “Менчик жана башка медициналык борборлор компетенттсиз,  шалакы болуп жатышат. Жетиштүү билим албай туруп операция жасашат. Жаңы жылдан баштап бардык клиникаларды жана операция жасаган дарыгерлерди текшерүү керек. Керек болсо кайра аттестациядан  өткөрүү зарыл”, — деп айткан пикирине кошулууга болот. Чынында эки наристебиздин өлүмү  коомчулукта ак халатчандарыбызга ишенимди азайтып,  ар бир ата-энени сестендирип койду…

 

 

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

 №7 “Эркин-Тоо” гезити

2024-жылдын 26-январы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!