"Эркин-Тоо"

Мээ картайбаш үчүн ага жетиштүү азык келип турушу зарыл!

Бишкек шаарындагы №1 Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Улан Козубаев ММКлардын бирине берген маегинде мээ картая турган орган экендигин айтып берди. Бул органды картайтпаш үчүн адам аны дайыма иштетип турушу керек. “Майлуу, зыяндуу тамактарды жебей, башты ар кандай жаракат алып калуудан сактап, тамеки, ичимдик ичүүдөн алыс болсо эле мээнин морфологиялык түзүлүшү жакшы болот. Ал эми функционалдык абалы мыкты болуш үчүн анда көбүрөөк окуп, ар түрдүү интеллектуалдык тапшырмаларды аткарып, мындайча айтканда, мээни иштетип туруу керек», — деди Козубаев маек учурунда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!