"Эркин-Тоо"
Спорт

Мээрим алтын медаль үчүн бүгүн япониялык балбан менен беттешет

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинин финалына чыкты.

Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда түштүк кореялык спортчуну жеңип, 1/4 финалда канадалык Оливиа Грэйс Ди Бакко менен күч сынашкан.

1/2 финалда Мээрим россиялык Ханум Велиева менен күрөшүп, финалга жолдомо алган.

Финалдык беттеш бүгүн, 7-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталып, Мээрим япониялык Рин Мияжи менен беттешет.

Эске салсак, Мээрим Жуманазарова эркин күрөш боюнча 68 кг салмак категориясында күрөшүүдө.