"Эркин-Тоо"
№12 2023-жылдын 17-февралы

МЭЭРИМДҮҮ ТҮРК ЭНЕЛЕР ЫЙЛАБАГЫН!..

Миң тогуз жүз он биринчи жылдагы
Бабалар жазган тарых барактары,
Андагы жүрөктөрдүн жараттары,
Эмнени эске салып айтып турат?..
Кел боорум бирге отуруп барактайлы.
Зилзала Ала-Тоону тепчип өтүп,
Түркистан шаарларынын жарыгы өчүп,
Чоң-Кеминде бир айыл жерге чөгүп,
Кара-Кол катар кыйрап, үйлөр көчүп…
Кыргыздар бир боорунан айрылганын,
Ошондо Түрк тууганы кайрылганын,
Жүрөгүн сыя челек, сөөмөйүн калем кылып,
 Эркинен сынбай туруп бабаларым,
Аскага улуу тарых жазышканын,
Ала-Тоонун боорунан окуп алып,
Мен бүгүн Түрк боорума кайрыламын!
Миң тогуз жүз он биринчи жылдагы
Зилзала кыйратканда кыш чилдеде,
Кыямат болгон эле, кыргызга билгендерге!..
Ошондо сен келгенсиң Түрк тууганым,
Жардамың аябастан биздин элге.
Түбү бир, бир атанын балдарыбыз.
Тили да, дини да бир, намазыбыз…
 “Кошулат түбү бирге, айрылат учу бирге”
Бирге го тирүүлүктө базарыбыз,
Көз өткөндө окулчу Кураныбыз,
Акыретте коюлчу мазарыбыз.
Анан кантип мен сага жардам бербейм?!
Анан кантип башканы сага теңейм?!
 Кайгыңа деңиз күйүп, каран күн түтөп турса,
Анан кантип боорум, деп ыйлап келбейм?!
Мээримдүү түрк энелер эстен кетпейт,
Жер муштап, аянычтуу ыйлаганың!
Кайгыңды тең бөлүшөт Кыргыз Эли,
Сабыр кыл, кайрат кылгын, ыйлабагын!
Ала-Тоо, аска, зоолуу таянычың,
Кең пейил, Түрк боордошум аярымсын!
Бүгүнкү сенин кайгың, түбөлүккө
менин да жүрөгүмдө калары чын!
Мээримдүү түрк энелер ыйлабагын!..

Бахпурбек АЛЕНОВ
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы