Бүгүн Мээрим Жуманазарова Монголиянын өкүлү Делгермаа Энхсайхан менен беттештин ачылышында күрөшөт. Монголиялык спортчу 25 жашта. Ал Азия чемпионатынын үч жолку байге ээси, 2022-жылкы Азия оюндарында коло медалдын ээси. 2023-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын күмүш байге ээси. Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинде Буса Тосунга утулуп калган. Бул жылы ал Азия чемпионатынын коло байге ээси. Мээрим Жуманазарова менен 3 жолу кез келип, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.