Бүгүн, 20-июлда, «Мейкин Азия» IV эл аралык фестивалынын ачылышы өтүүдө.
Фестивалды Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев ачып, өз сөзүндө 3 күндүк маданий иш-чаранын аткаруучуларга гана эмес, көрүүчүлөргө да унутулгус таасир калтырары шексиз экендигин баса белгиледи.
«Бул жаңы ысымдардын ачылышы, чыгармачылык өнөктөштүктүн башаты, улуттук маданияттардын өз ара баарлашуу мүмкүнчүлүгү. Ал ар бир катышуучуга өзүн дүйнөгө таанытуу, эл аралык чөйрөдө тажрыйба топтоо, жаңы достук мамиле куруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бүгүнкү көл жээгиндеги аянтча тынчтыктын, достуктун жана чыгармачылыктын символуна айланып калды», – деди Тимурлан Ажымалиев.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов фестивалдын сахнасында тартууланган ар бир обон достуктун үнү, биримдиктин кайрыгы, тынчтыктын жана маданий көп түрдүүлүктүн жарчысы экендигин айтып: «Кыргызстандын жүрөгү болгон Ысык-Көл бүгүн бүтүндөй Азия үчүн руханий борборго айланып отурат. Достукту, кызматташтыкты жана ынтымакты бекемдеген музыкалык искусствонун ролу жана мааниси барган сайын өсүүдө. Ар бир өлкөнүн маданияты, өзүнө гана таандык болгон искусство үлгүлөрү ошол өлкөнүн тарыхын, улуттук өзгөчөлүгүн, руханий маданиятын чагылдырып, эл катары калыптануусунун өзөгү болуп эсептелет», – деди.
Фестиваль «Бир сахна, бир дүйнө, бир үн!» деген ураанда өтүп, ар бир аткаруучу өз эне тилинде ырдоодо жана кыргыз эстрада жылдыздары конок катары катышууда.
Калыстар тобу аткаруучуларга 5тен 10го чейинки упай берип, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.
Белгилей кетсек, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон 1 аткаруучуга эл түз эфирде онлайн добуш берет.


