Бүгүн, 22-июлда, «Мейкин Азия» IV эл аралык фестивалынын жыйынтыктоочу күнү өтүүдө.
Үч күндүк фестивалда 25тен ашык өлкөдөн келген аткаруучулар сахнада, эл алдында таланттарын тартуулашып, өз эне тилдеринде жана чет тилинде обон созушту.
Калыстар тобунун берген упайларынын жыйынтыгында байге ээлери аныкталып, сертификаттар тапшырылды. Жыйынтыгында, Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Эже Ата жана Өзбекстандан келген Таджиев Тулкин 3-орунду ээледи.
Экинчи орунга Камир (Кыргызстан) жана Виталий Дроб (Беларусь Республикасы) ээ болушса, 1-орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.
Ошондой эле онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгында якутиялык Кирил Матвеев көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Гран-принин ээси жарыялана элек.

