"Эркин-Тоо"

10 млн сомдук сыйлыктарды кимдер алды?

Бүгүн Бишкекте журналистика жаатында уюштурулган “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземи өтүүдө.

Сыйлыктын байге фонду 10 млн сомдон ашкан. Он номинациянын ар бирине 1 млн сомдон сый акы тапшырылары жарыя болгон.

Төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар ыйгарылды:

«Бир эл бир түндүк» номинациясы -УТРК Айсулуу Асанбековага,

«Керемет Кыргызстан» — ЭлТР Аскар Маратовго,

«Салык өнүгүүгө салым» «Акчабар» сайтынын журналисти Мария Индинага,

«Билим Келечек» «Кутбилим» гезитинин редакциясына,

«Куттуу элет» — УТРКнын Ысык-Көл телеканалынан Гүлбарчын Молдоевага,

«Мекен жана мен» — «МИР» ТРК Аида Аматбековага,

«Мекендештер» — ютуб блогер Дооронбек Адахановго,

«Кыргызстанда чыгарылган» — ЭлТР Рахат Кыдыртокоевага,

«Сергек жашоо» — Спутник, Елена Череменинага,

«Таза Мекен» — эркин журналист Улан Эшматовго ыйгарылды.

Пример HTML-страницы