"Эркин-Тоо"
Жогорку Кеңеш

Мейкинбек Абдалиев: «Эмне үчүн Ноокен району өз жеринен чыккан газ менен колдоно албайт?»

Жалал -Абад облусунун Ноокен районунда «Кыргызнефтегаз» ишканасы газ чыгарып, аны Майлуу -Суу районунун жашоочулары колдонушат. Бирок ошол эле Ноокендин өзүнөн чыккан көгүлтүр отту Ноокен аймагынын тургундары колдонуша алышпайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев парламенттин кезектеги жыйынында билдирди.
«Жалал -Абад облусунун бир нече райондору Ноокен районунан чыккан газ менен колдонушат. Тилекке каршы ошол эле Ноокен району өз жеринен чыккан газ менен колдоно алышпайт. «Кыргызнефтегаз» ишканасы ушул маселени карап чыгышы керек. Көгүлтүр оттун колдонуучулары көбөйсө, компанияга да бюджетке да жергиликтүү тургундарга да жакшы болмок», — деди депутат.