«Мeken» аталыштагы ноутбук илим-билим тармагына өз салымын кошот. 2024-жылдын 6-сентябрында “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы “Кыргызэлектроника” тарабынан кураштырылган “Meken” брендиндеги ноутбуктарды буюртмалардын негизинде Ала-Тоо Эл аралык Университетине Коомдун вице-президенти Азамат Байышбеков баштаган өкүлдөр тапшырышты.
Жолугушууга аталган окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Салидин Калдыбаев, окуу иштери боюнча проректор Рустам Умаров, административдик жана чарбалык иштер боюнча проректор Сейитбек Тиллеков катышты.
Университеттин проректору Салидин Калдыбаев университет өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша улам өнүгүүгө кадам таштап жаткандыгын, алдыда электрондук китепкана ачуу өңдүү бир топ пландарды ишке ашырууда ноутбуктар керектелерин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык уланарын, буга чейин да Ала-Тоо Эл аралык Университетинин студенттери “Кыргызиндутрия” ААКнун ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышканы айтылды.
Аталган университеттин өкүлдөрү “Мeken” аталыштагы ноутбуктун пайда болушу өлкөнүн илим-билим тармагына чоң салым кошот деген ишеничтерин билдиришти.