Өткөн жумада катуу жааган жаандан улам болгон селден Мексикада кеминде 64 киши каза болуп, 65 адам изделүүдө. Бул тууралуу «ABC» чет элдик маалымат агенттиги билдирди.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 100 миңге жакын үй жабыркап, көптөгөн инфраструктуралык объектилер, көпүрөлөр бузулду.
Мексика бийлиги жабыркаган аймактарга жардам көрсөтүү үчүн 10 миңден ашуун аскер кызматкерин жана куткаруу топторун жөнөткөнүн маалымдады. Ошондой эле, жабыркаган аймактарга азык-түлүк жана суу жеткирүү үчүн вертолёттор аркылуу жардам көрсөтүлүүдө.