Мексиканын түштүгүндө мигранттарды ташыган жүк ташуучу унаа оодарылып, 10 киши каза болуп, 15 кишинин жаракат алганы маалымдалды.
Чиапас аймагынын расмий өкүлдөрү кырсыктын Гватемала чек арасынан 175 чакырым алыстыкта жайгашкан Пижижиапан шаарына жакын трассада болгонун жарыялашты. Кырсыктан алдын ала маалыматтар боюнча 10 мигрант каза болуп, 15 адамдын да жаракат алганын белгилешти.
Жабыркагандардын канчасы мигрант экени, ден соолугунун абалы жана улуту боюнча азырынча маалымат бериле элек.