Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарындагы мурунку крематорийдин имаратынан 381 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу La Jornada гезитинин маалыматына таянып, РИА Новости агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул крематорий буга чейин жергиликтүү ритуалдык кызмат агенттиктери менен иштешип келген. Бирок тергөө иштери көрсөткөндөй, маркумдардын денелери кремацияланбай, алардын ордуна туугандарына башка адамдардын күлү берилген учурлар катталган.
Учурда мекеменин ээси жана бир кызматкери адам сөөгүнө туура эмес мамиле жасоо, санитардык эрежелерди бузуу, уруксатсыз көмүү жана алдамчылык беренелери боюнча айыпталууда.
Тергөөчүлөр бул крематорий менен кызматташкан башка агенттиктерди да текшерүүгө алганын билдиришти.