"Эркин-Тоо"

Мектеп директорлорун шайлоо: Бош кызмат орундардын тизмеси жарыяланды

Кыргызстандагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмеси жарыяланды.

Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, тизме ушул жылдын 3-мартына карата алынган маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Ысык-көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Баткен облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 67 жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары бар.

Документтерди кабыл алуунун мөөнөтү жана сынакты өткөрүү графиги жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизме менен бул жерден таанышууга болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!