"Эркин-Тоо"

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 26-июлундагы №1484/1 буйругунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат:

— жогорку педагогикалык билими жана 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар;

— атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген жалпы билим берүү уюмдарына);

—  аракетке жөндөмдүү, аларга карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок адамдар;

—    соттолбогондор;

— Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн медициналык каршы көрсөткүчтөрү жоктор;

—   мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык ишмердүүлүк менен алектенүү укугу чектелбегендер;

—   жалпы билим берүү уюмдун ишмердүүлүгүн пландаштыруунун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо ыкмаларын жана персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, ички эмгек тартибин, жалпы билим берүү уюмунун администрациялык финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын билген;

— билим берүү системаларын башкаруу ыкмаларын, маалыматтык технологиялар жана тез башкаруу чечимдерин кабыл алуу боюнча көндүмдөрүн, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгондор;

Конкурска катышууну каалаган талапкер конкурстук комиссияга сынак жарыяланган күндөн баштап, 10 иш күнү аралыгында төмөндөгү документтерди тапшыруусу керек:

—   белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү жеке арызын (№1 тиркеме) жана сүрөтүн (3×4 см);

—    паспортун;

— жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломун (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн) (тиркемеси менен);

— эмгек китепчесин (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

— жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берүүсүн (№2 тиркеме);

— соттолгондугу (соттолбогондугу) жөнүндө маалым катын;

— психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым катын.

Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу тиешелүү болгон облустун электрондук дарегине жөнөтөт.

Чүй облусу — konkurs.chui.2022@gmail.com,

Талас облусу —konkurs.talas.2022@gmail.com,

Ош облусу — konkurs.osh.2022@gmail.com,

Ош шаары — konkurs.g.osh.2022@gmail.com,

Баткен облусу — konkurs.batken.2022@gmail.com,

Нарын облусу — konkurs.naryn.2022@gmail.com,

Бишкек шаары — konkurs.bishkek.2022@gmail.com,

Ысык-Көл облусу — konkurs.ik.2022@gmail.com,

Жалал-Абад облусу — konkurs.ja.2022@gmail.com.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет. Талапкерден жетишпеген документтерди  талап кылууга тыюу салынат.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндү түзөт.

Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.

Сынактын толук жобосу менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!