"Эркин-Тоо"

Мектеп директорлорунун сынагынан 28 талапкер өттү. Алар кимдер?

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө жыйынтыкталганын билдирди. 26-июлда өткөрүлгөн сынакта жалпысынан 28 мектепке талапкерлигин койгон жаңы директорлор босого упайдан жогору балл топтой алган:

— Бишкек шаарында – 3,
— Ош шаарында – 1,
— Баткен облусунда – 3,
— Жалал-Абад облусунда – 5,
— Чүй облусунда – 2,
— Нарын облусунда – 4,
— Талас облусунда – 1,
— Ош облусунда – 8,
— Ысык-Көл облусунда – 1.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси https://edu.gov.kg/posts/3279/ сайтында жарыяланган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!