"Эркин-Тоо"

Мектеп директорлугунун сынагына кимдер катыша алат?

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакка пенсия жашынан ашпаган катышуучулар катыша алышат. Бул конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарында белгиленген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар 58 жашта, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат.

Азыркы мектеп директорлорунун арасында пенсия курагындагылар көп.

Буга чейин Билим берүү министрлиги сынакка көп жылдык тажрыйбасы бар мектеп жетекчилери сынакка катыша аларын билдирген. Бирок бийлик өкүлдөрү жаш курактык чектөө тууралуу эскерткен эмес.

Президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата беш жылдан ашык иштеген 966 мектепте директорлор алмашат. Эми алар беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Билим берүү министрлиги чектөөлөрдү киргизүүнү туура деп эсептейт, анткени айрым мектептерде жетекчилер 20 жана андан көп жыл эмгектенишкен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!