Мектептерге жаңы окуу китептери жеткирилгенче, ата-энелерге башка булактардан сатып албоого чакыруу болду. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, окуучулар жана мугалимдер китептердин электрондук вариантын kitep.edu.kg сайтынан акысыз көчүрүп алып же онлайн түрдө убактылуу пайдалана алышат.
“Учкун” ишканасы күнү-түнү иштеп жатканын айткан Жусупбекова жаңы китептер жакынкы убакта мектептерге жеткирилерин белгиледи.
“Окуу китеби” басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун маалыматына караганда, 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн окуу китептери толугу менен басылып чыгарылат. Ошондой эле 3-класстан 9-класска чейинки англис тилинин китептери мектептерге жеткирилген.
Анын сөзүнө караганда, ар бир мектеп боюнча маалымат чогултулуп, ага 10% кошулуп буюртма берилет. “Жаңы китептер чыгары менен мектептерге жеткирилет жана бардыгына жетет”, — деди Аматов.
Ал кошумчалагандай, үч жыл ичинде өлкөдө китеп менен камсыздоо маселеси толук чечилет. 2030-жылга чейин камсыздоо деңгээлин 100%га жеткирүү пландалууда.

