"Эркин-Тоо"

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыйынтыкталды

26-27-март күндөрү Бишкекте  окуучулардын республикалык олимпиадасы өтүп, ага  өлкө боюнча 323 окуучу 12 предмет боюнча ат салышты.
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында I, II, III орунду ээлеген  52 окуучу сыйланды.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев  окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдерге жана балдарына колдоо көрсөткөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, жаштарга жаркын келечек каалады.
  Каныкей Казканова  Ош шаарындагы Курманжан Датка атындагы Ош лицейинин 11-классынын окуучусу. Ал акыркы 2 жылдан бери тарых сабагынан республикалык олимпиадада биринчиликти алып келет.  Келечекте юрист же дипломат болгусу келет. Быйыл бүтүрүүчү класс болгондуктан жогорку билимди чет өлкөдөн окусам деген тилеги бар.
Ал эми олимпиадага даярдаган мугалими Элвира Ойчиева:  “Каныкей сабакты жакшы окуган, үлгүлүү окуучу. Айткан тапшырманы эки эсе жоопкерчилик менен аткарат. 8-класстан бери олимпиадага даярданып келебиз. Баланын ийгиликке жетүүсүнө ата — эненин колдоосу абдан  маанилүү”- дейт.
Баткен облусттук гимназия-жатак мектебинин 9-классынын окуучусу Аскарбек кызы Асема  орус тили жана адабият сабагынан  2-орунду багындырган. Асема чыгармачылыкка кызыгат. Көп китеп окуп, айыркча орус чыгармаларын күн сайын барктайт. Аны даярдаган мугалими Бактыгүл Ашимова.
Мээрим Бактыбек кызы
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!