"Эркин-Тоо"
Спорт

Ошто шахмат боюнча мектеп окуучулар арасында турнир өткөрүлдү

Ош шаарында шахмат боюнча мектеп окуучулар арасында турнир өткөрүлдү. Турнирди уюштурууга жана өткөрүүгө Ош шаардык дене тарбия жана спорт  комитети колдоо көрсөтүп, ага жалпысынан 50  окуучу катышты. Уюштуруучулардын айтымында, турнирди өткөрүүнүн негизги  максаты  мектеп окуучуларынын арасында достукту бекемдөө, окуучулардын  спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана дени сак муунду өстүрүп, тарбиялоо болду.

Турнирдин жеңүчүүлөрү медалдар, дипломдор жана  баалуу белектер менен сыйланышты.