"Эркин-Тоо"

Мектеп окуучулулары 11 күн жазгы каникулга чыгышат

Кыргызстанда окуучулардын жазгы эс алуусу 11 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тагыраагы, каникул 21-марттан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинде башталат.

Эскерте кетсек, кийинки жума кыргызстандыктар үчүн 21-марттан 24-мартка чейин узак эс алуу күндөрү болмокчу.